✅ Если вы хотите разместить рекламу на нашем канале: 0554 910 105
✅ Эгер сиз биздин каналга жарнама бергиңиз келсе: 0554 910 105
Каналга катталыңыздар!!!
/ @vip_mln_8
21 ЖАШТАГЫ 6 АЙЛЫК КОШ БОЙЛУУ КЕЛИН ООРУКАНДА КАЗА БОЛДУ
Маркум Гүлзат Нурбек кызы Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Коммунист айылынын тургуну болгон. Ал өткөн жылдын 20-ноябрында турмушка чыккан. 2 айлык кош бойлуу кезинде Москвага жолдошуна барып, бир ай турган соң Кыргызстанга кайтып келген. Жакындарынын айтымында, Орусиядан келген соң орубай эле жүрүп 30-апрелде оорукана түшкөн. Ал 3 күн төрөтканада жатып, абалы жакшырганда гематология бөлүмүнө которулган. Маркумдун жакындары бүгүн соокту ооруканадан алып чыга албай, ар кандай документ иштери бүтпөй 3 сааттан ашуун убара тартты. Бул учурда дарыгерден окуянын чоо жайын сурап тийиштүү жооп алуу мүмкүн болгон жок. Турмушка чыкканына 6 ай болгон келиндин жакындары акыры сөөктү боздоп ыйлап жатып алып чыгышты. Маркум 2 бир тууган болгон. Бири уул бири кыз. Жалгыз кызын үйүндө апасы куйутко батып кутуп алды. Улам эсин жоготуп, өзүн карманган Гүлсара Айдарова дарыгерлердин кайдыгерлигинен кызы каза тапкандыгын билдирди. Бүгүн күндүн экинчи жарымында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын гематология бөлүмүнүн бөлүм башчысын жетекчилигинен уруксат алып, сөзгө тарттык. Дарыгерлер бейтапка кан ооруларынын эң татаал, айыккыс оорусуна чалдыккан деп диагноз койгон. Ага кошумча кош бойлуулугу болгон. Дарыгер Бактыгүл Айсариева маркум келиндин ата-энесине кан донорун көбөйтүү керектигин алдын ала айткан. Бул окуяда дарыгерлерге карата маркумдун жакындары доо арыз жазган жок. Бирок, жакынын жоготкон инсандар, дарыгерлерди бейтап кароодо кайдыгерлик кылбаса дешет.
Негізгі бет 21 ЖАШТАГЫ 6 АЙЛЫК КОШ БОЙЛУУ КЕЛИН ООРУКАНДА КАЗА БОЛДУ
Пікірлер: 5 М.