#сыймыкбейшекеев #жаныыр #2024ыр #сыймык2024 #кыргызчаырлар
А Балким...
сөзү Жыпара Исабаева
обону Сыймык Бейшекеев
Сабындай жакшы ырымдын,
Сагынтып... жакшы кылдың!
Сагынчым болгон үчүн,
А балким бактылуумун...
Жазындай жаштыгымдын,
Жарк этип... жакшы кылдың!
Жактыруу болгон үчүн,
А балким бактылуумун.
Арзыдым, азгырылдым,
Адаштың… жакшы кылдың.
Арманым болгон үчүн,
А балким бактылуумун.
Жамгырлуу түндөй болуп,
Жаркыбай күндөй болуп,
Бактылуу кылдың мени,
А балким сүйбөй коюп.
Жайнабай жаздай болуп,
Бар сырым ачпай коюп,
Бактылуу кылдым сени,
А балким жакпай коюп...
Негізгі бет Музыка А БАЛКИМ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ Жаңы ыр 2024
Пікірлер: 171