Жалал-Абад шаарында эркектерди опузалап жүргөн аялдар тобу кармалды.
2017-жылдын 24-апрель куну саат 17:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Токтогул кочосундо менин автоунаама бир клиент кыз чыгып, баламды шаардан алып анан уйго таштап коюн деген, ошону алып бара жатсам, бир кызыл тустогу токтоп турган иномарка машинанын жанына токтон деди, мен автоунаамды ошол жерге токтотсом, ал автоунаанын ичинен эки аял киши тушуп, «сен менин синдимди машинана салып алып эмне капа кылып журосун» деп менин машинамдын техпаспорт менен айдоочулук күбөлүгүмдү алып коюп, «сен сиңдимди капа кылгандыгын үчүн 15 000 (он беш мин) сом бересин» анан документинди беремин деп опузалап акча талап кылышты, ошол аялдарды таап мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздөрдү суранам деп таксист М.У. Жалал-Абад ОИИБнө арыз менен кайрылган.
Ошол эле күнү аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 170-беренесинин (опузалоо) 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Аткарылган тергөө-оперативдик иш чаралардын негизинде ал аялдар талап кылышкан 15 000 сом акча жабырлануучу тарабынан берилип, алар алышып үчөө бөлүшүп алышкан жеринен кармалышкан. Далил буюм катары алынган акча каражаттарынын сандары жана купюралары, акчаны беру протоколундагы акчанын сандары жана купюралары менен дал келген.
Кармалган 3 аял киши Жалал-Абад шаарында жашап жүргөн.
Алар:
1. 1983-жылы Өзбекстан Республикасынын Андижан областында туулган, учурда Кыргыз Республикасынын жараны Х.Э. Улуту кыргыз, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт, уй-булоолуу 1 балалуу.
2. 1977-жылы Сузак районунда туулган А.С., Улуту кыргыз, билими орто, убактылуу эч жерде иштебейт, ажырашкан, 2014-жылы Жалал-Абад шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 234-беренеси (хулиганчылык) менен соттолгон. (Буга чейин Россия Федерациясынын аймагында жүрүп, кыргыз мигранттары тарабынан зомбулука кабылып, видеосу интернетке жарыяланган)
3. 1978-жылы Сузак районунда туулган А.А. Улуту кыргыз, билими атайын орто, убактылуу эч жерде иштебейт, ажырашкан, 2 балалуу.
Азыркы учурда алардын бирөөсү Өзбекстан Республикасынын Андижан областында туулган, улуту кыргыз Х.Э. сот тарабынан 2 айга камакка алынды, ал эми калган эки айыпкер айымга карата сот тарабынан үй камагы бөгөт коюу чарасы тандалып алынды. Жалал-Абад ОИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Негізгі бет Аялдар тобу эркек кишиден опуза талап кылуу менен кармалды
Пікірлер: 99