22-майда Норвегия, Ирландия жана Испания Палестинаны мамлекет катары тааный турганын жарыялады. Бул чечимди Израил дароо сындаса, газалыктар кубатташты. Кыргызстан Палестинаны 1995-жылы мамлекет катары тааныган.
18-майга караган түнкү Бишкектеги башаламандыктан кийин кыргыз милициясынын дарегине сын күчөдү. Жогорку Кеңеште ички иштер министри Улан Ниязбековдун жоопкерчилигин кароо маселеси көтөрүлдү.
Сузак районунда Кара-Дарыя нугунан ашып, 100 гектардан ашык жерди суу каптады. Суу тосмону жарып, үлүш жерлерди каптады. Жергиликтүү бийлик тез арада дамбаны куруп бүтүү зарылдыгын эскертти
#газа #норвегия #израиль #бүгүназаттыкта
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzitem.info/rock/s_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
Негізгі бет Жаңылыктар | 22.05.2024 | Газа: Норвегия, Испания, Ирландия Палестинаны мамлекет деп тааныды
Пікірлер: 153