Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы “Крокус Сити Холлдогу” терактка байланыштуу дагы үч киши кармалганын билдирди. Алардын баары тең Борбор Азиядан баргандар.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирди. Райымбек Матраимов атайын кызматтын тергөө абагында, калган үч бир тууганы Ошто убактылуу кармоочу жайда жатат.
Бишкек шаардык соту жарандык активист Зарина Төрөкуловага чегерилген пробация мөөнөтүн абак жазасына алмаштырып, сот залынан камакка алды.
0:00 Анонс
0:58 “Крокус Сити Холлдогу” терактка байланыштуу дагы үч киши кармалганы кабарланды.
4:28 Казакстанда сел каптаган аймактарда абал кооптуу.
6:09 Ташиев Матраимовдон 200 млн доллар алынарын айтты.
8:03 Бычак жеген келиндин үч баласы жетим калды.
13:32 Активист Зарина Төрөкулова сот чечими менен кайра камалды.
14:31 Данистенин каарманы - Таласта дарыгер болуп иштеген 82 жаштагы Салый Акматова.
16:12 Аягы
#бүгүназаттыкта #ташиев #матраимов #азаттык
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -kzitem.info/rock/s_x...
Телеграм - t.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
Негізгі бет Жаңылыктар | 5.4.2024 | Ташиев Матраимовдон 200 млн доллар алынарын айтты
Пікірлер: 183