Адилет Акай - "Жүрөк"
Обону:өзбек эли
Которгон: Ильяс Кудретов
Колумда калып кетти, сага алган кызыл гүл.
Гүл деп атай албаймын соолуп калды ал бүткүл.
Гүл мейли соолуп кетер,
Бир күн төгүлүп кетер.
Бирок бул байкуш жүрөк,
Сен элен ага керек.
Сен кеткенден кийин кетти көзүмдөн уйкум,
Не болгонуңда да сени сүйөөр элемго.
Мейли бул күндөр өтөр,
Сүйүү да насип этээр.
Бирок бул бечара жүрөк,
Сен элен ага керек.
Кайырма
Керек, керек,керек, жүрөк сенсиз чыдабаса керек.
Жүрөк, жүрөк ордунда тынч тура албаса керек.
Көңүлүм сезет ага чыдап туралбаса керек,
Сен элен мага керек.
Жүрөк, жүрөк,жүрөк ордунда тынч тура албаса керек.
Көңүлүм сезет ага чыдап туралбаса керек,
Сен эле мага керек
Жалгыздыкта эстеймин көздөрүңдү карагат.
Элесин турат менин жүрөгүмдү жаралап,
Балким убакыт даба.
Баарысы өтүп кетер,
Бирок бул байкуш жүрөк.
Сен элен ага керек,
Не дейин жүрөгүмө айтчы ал эмне кылсын?
Сенсиз ал кандайын сүйүп,кандай ырдасын.
Жаракат бир күн бүтөөр.
Ал эми кимди күтөөр?
Шордуу бечара жүрөк.
Эми ал кимге керек?
Кайырма
#АдилетАкай #Жүрөк
Негізгі бет Ойын-сауық Адилет Акай - Жүрөк / Жаңы клип 2021
Пікірлер: 152