#АйчүрөкИманалиева #Ретроыр #80х90жылдар
Айчүрөк Иманалиева
"Роза гүлү"
Сөзү: А.Жакшылыковдуку
Обону: Т.Асанакуновдуку
Гүлзар жайнап, таң сүргөндө ачылып,
Жыпар жыты гүлдүн чачылып.
Турган өңдүү мага азыр сезилип,
Махабаттын сыры тартылып.
Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө,
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.
Улам сага сагынычым артылып,
Жан дилимден жакын тартылып.
Роза гүлү, кеткениңди түшүндүм,
Махабатты сенде калтырып.
Кайырма:
Роза гүлү, тартып мени өзүңө,
Айперидей көрүнөсүң көзүмө,
Сүйүп калдым, сүйүп калдым деп айтсам,
Роза гүлү, ишен айткан сөзүмө.
Жаштыгымды жалпы сага арнайын,
Тагдырымды издеп талбайын.
Таң аттырып сени сүйгөн жүрөккө,
Тагдырымдын колун кармайын.
Негізгі бет Музыка Айчүрөк Иманалиева "Роза гүлү" (Original video version)
Пікірлер: 26