Тээ илгертеден айтылып келген эл арасында кеп бар, ал Арстанбаптыктардын тарыхы тууралуу аңыз кептер. Арстанбаптын тургундары Александр Македонскийден калган урпактар деп айтылып келет. Чынында келбети, өңү жана сүйлөгөнү же Кыргыз элине, же өзбек элине окшобойт. Бир аз өзбек тилине жакын сүйлөшөөрүн баарыбыз билебиз. Кантсе да Арстанбап чынында дүйнөдөгү эң кооз жер, балбандардын мекени, Кыргыздын намысын коргогон мыктылар көп чыккан жер. Ошондой мыкты жигиттерди элине, жерине кызмат кылууга үндөп, тарбиялап жаткан элине рахмат. Анткени адам жаштыгында кайсыл жерде чоңоюп жетилсе, ошол жердеги элдердин жүрүм-турумуна, мүнөзүнө, мамилесине жана коомдун абалына карата тарбияланат. #спорт #алышкурош #Айбеккамулов
Негізгі бет Спорт Айбек Камулов: Арстанбаптын эли 70 пайыз балбандар
Пікірлер: 63