Асмандап бүркүт желде ойнойт, Айыпсыз калтар жерде ойнойт. Ачылган гүлдөй жадырап, Армансыз киши элде ойнойт. Ак чөлмөк кылып адамды Айткыла кандай пенде ойнойт?! Ач бөрү шимшип жемди ойлойт, Ак марал оттуу белди ойлойт. Айланып издеп кызыгын, Адашкан күлүк жерди ойлойт?! Азапка түшкөн мен шордуу Армандан башка эмне ойлойт?! Алыста калчу жерди ойлойт, Агаин тууган, элди ойлойт. Алышып бирге ойногон Асылкеч теңтуш теңди ойлойт. Ажыдар соргон бөжөгүн Атакем байкуш эмне ойлойт?! Акимдин күчү зор беле, Алсыздар ага кор беле. Ак кептер элем кайыган, Алдымда каткан шор беле. Алдырган колдон күкүгүн, Апакем кандай шордуу эле?! Айлана жылан ордолоп, Агаин элим корголоп. Азап, муң, кайгы, ызы-чуу, Аккан жаш көздөн шорголоп Ак жерден айып тартышып, Айтчы эмне мынча кор болот?! Арман бар жерде санаа бар, Армандуу мен бир жарадар. Айыпка адам карматкан, Абийирсиз жүзү каралар. Каңгырап элден адашып, Какшасын мендей балаңар. Жаңыдан гүлүм ачты элем, Жалп этип өччү жаш белем. Жазыксыз муңга чөмүлүп, Жамгырдай жааган жаш менен. Тырмагы тийип дөбөттүн, Тытылмай болду жаш денем. Ак чоку тоонун ар жагы, Аралаш кытай, калмагы. Өз элден алыс ажырап, Өткөн күн курсун андагы. Бирөөгө кантип күң болот, I Бирөөнүн эрке ардагы?! Албырган жүзүм кубарар, Арманга арман уланар. Ачылган жашыл гүл элем, Апсыйган бирөө будалар. Жазыксыз, мындай кордукка Жан болбос чыдап туралар. Ач бөрү чыгып жолуман, Алдырып алым жогунан. Ардагым ага, тууганым, Адашмай болдум тобуңан. Айыпка келген шүмшүк деп, Арылбас таяк жонуман. Жалгызы элем бирөөнүн, Жанчылып барат жүрөгүм. Кагылам, кантем, апаке ай, Капаска түштү чүрөгүң. Кайрылып элди бир көрбөй Канткенде чыдап жүрөмүн. Арманын боздойт кырчының, Атаке ай, кандай кылчумун. Кулпуруп өсүп калганда, Куурайбы жашыл чырпыгың. Жат элде кантип күн көрөт Жалгызың, алсыз чымчыгың?! Баткан ай кайра толсочу, Байтикти ажал сорсочу. Ата-энем боздоп турганда Ак куусу кайра консочу. Улутпай эки шордууну Уялаш бирөө болсочу? Көргөндө көөнүм бир жибип, Көөдөндө сырым бир билип Асылкеч болуп алууга, Айлыман жакпай бир жигит. Жок тура мендей кесирлүү, Жоруга турган илдирип. Ак билек сунсам алчу ким? Ак жибек боосун чалчу ким?! Ажыдар соруп баратат Арача кылып калчу ким?! Айсары байкуш кантти деп Аркаман издеп барчу ким?! Калкынын мончок селкиси, Канкордун болсо энчиси. Айлымда жокпу бел байлап, Ажалга тике келчүсү. Качан бир чыгат Шалтадан, Каманга кайрат берчүсү. Акак таш элем кири жок, Азапка байлап жиби жок. Ач жылан соруп жатканда, Арага түшөр бири жок. Арка-бел болчу мындайда Ага жок менде, ини жок. Мага бир көркоо көз болор, Манаттай өңүм жез болор. Жадырап жүрчү Айсары, Жалдырап турма нес болор. Андайда көңүл көтөрүп, Адам ким акыл-эс болор. Канчалык болсо көрөр күн, Ошончо жашым төгөрмүн. Ажалга моюн сунгуча, Азапты далай көрөрмүн. Заманга айтып дартымды, Зар какшап жүрүп өлөрмүн. Тоо гүлү элем буралган Тоту куш элем сыланган. Азыр мен болдум бир байкуш, Арманга күчүн чыгарган. Кузгундар турат тарп аңдып, Кутулам кантип булардан?! Алты өрүм чачым чубалган, Ак көйнөк кийип тубардан. Адырда жүрсөм гүл терип, Ак марал элем суналган. Алмашып ал күн кайгыга, Адашат башым тумандан. Ким билет кандай эл көрөм, Ким билет кандай жер көрөм?! Жайнаган гүлдүү Ала-Тоом, Жанымдан кантип кем көрөм. Кадимки бейиш болсо да Канткенде сага тең көрөм. Ата журт, конуш Арчалым, Арманым айтып чарчадым. Кор болгон күнүн билсеңчи, Койнуңа бышкан алчанын. Сорсоңчу Байтик зулумду Соолуткан жашын канчанын. Тулпары туйлап кермеден, Туурунан туйгун жем жеген. Адыры гүлгө чулганып, Атыр жел арча термеген. Балкыган бейиш Ала-Арча Бактыма сыйбас жер белең?! Ардагым, ага-тууганым, Аппак гүл элем куурадым. Ачканда бүчүр жаңыдан, Ач мите чачып ууладың. Алсырап калды Айсары, Азуусу тийип бууранын! Азабы бүтпөс жол мына, Айсары тартчу шор мына. Кучагын жайып тең өскөн, Курбулар эсен болгула! Кулаалы алган жөжөсүн, Кургурлар эсен болгула. Алчактап өткөн бала чак Айылым жүрөк канатат. Айыпсыз азап тарттырып, Адамды неге жаратат? Ардагым элим кош эми, Айсарың кетип баратат.
@user-fk4tg4xi7m
2 жыл бұрын
Катасыз толук сонун жазыптырсыз азаматсыз
@user-vr4ft1vs7c
Жыл бұрын
Меенетти баалаш керек
@user-gw3vd1xz2
Жыл бұрын
Рах😊🎉м ат
@polpol9092
2 жыл бұрын
Кандай керемет ыр Айтбубу кайдасын?
@user-so3dt3vr4l
Жыл бұрын
Айтбубунун арманы.
@user-ef3bo3ue4w
3 жыл бұрын
Укмуш сонун экен чыныгы сонун
@gul9muratalieva247
Жыл бұрын
Роза Аманова сонун ырдайт
@user-ct8it6xr1u
3 жыл бұрын
Аллахым Ыразы Болсун👍👍👍
@buruljuzbaeva7387
Жыл бұрын
Сонун ырдаптыр
@danagyldjymabekova8753
4 жыл бұрын
Аткаруучу - Айтбубу Атамкулова .
@user-rd8ek8ep9k
3 жыл бұрын
Эн сонун чыгыптыр 👍👍👍👍👍🌹🌹🌹🌹
@nurjigitolonbawov6221
2 жыл бұрын
Мурдагы кыздар башкага турмушка чыкпайм деп сыздачу экен а азырчы кебирлер кайяка болсо да кетеберет
@aidaraeva8081
5 жыл бұрын
Кытайга тийген кыргыз кыздар уккула
@user-cd1jc1mo9e
5 жыл бұрын
Азаматсыз эжеке унунуз соонун экен кандай керемет дастан кандай сергуу аласын
@user-se1jz2cs5m
5 жыл бұрын
жакшы ыр журоктон чыккан ырды,ошол Айсары деген кыз ырдагандай кылып ырдаптыр
@surmasattarova132
5 жыл бұрын
Айтбуубу атамкулова супер
@user-nv6df4cj1f
4 жыл бұрын
👍👍👍🌷🌷🌷
@versusbolt5430
4 жыл бұрын
Мен шалтамын, ыйлаттын мени, ыйлап жатам.
@user-qo2sz8uo6y
4 жыл бұрын
Шалта болгон тупку тегинди билесинби
@TT-xw6sq
3 ай бұрын
Ошондо, Айсара кыздын убалы кимге?
@user-jy6wm8mq4l
3 жыл бұрын
Бул жүрөктү эзди
@user-nv6df4cj1f
4 жыл бұрын
😭😭😭
@user-rx6nr4os9g
5 жыл бұрын
Эн соонун ээ.. эс аласын гоо чиркин...
@user-nb1os4mh9p
4 жыл бұрын
👍👍👍👍🌷🌷🌷
@mazyamazya7100
4 жыл бұрын
2020 уккандар бир лайк
@user-lp7kz5yw1q
Жыл бұрын
Бар экенсинго красавица унуно береке онорун оркундоп талантын ташкындай берсин эл артиси бол алайдан салам бар бол бай бол бактылу бол
@Take_11_11
5 жыл бұрын
Эзип да кетти жүрөктү, Эстеп да аны күн өттү. Эсиме салып койдубу, Эси жок сүйүү түнөктү. Ырында турса мун зары, Ыйлайт да сен деп бүт баары. Ызага баткан капилет, Ызааттайм анда ушул Айсары.
@user-cl7qn5fs3g
4 жыл бұрын
Таалайбек Белеков Т5
@adikalenov6950
3 жыл бұрын
Ар бир кызга ушундай намыс берсин Аллах. Эркек адамдын намысын андан да жогору кылсын😔😔😔😔😔 Арман ай 😢
@user-ru8ko2vx5o
Жыл бұрын
Омин
@user-xn2gp4ug2x
Жыл бұрын
2333
@kuljakanisakovna4956
11 ай бұрын
Какен. Алмазбеков чыгарган
@user-td8fc3nr5m
4 жыл бұрын
уксан адам эс алатго унундон
@user-jl9by8yk9o
3 жыл бұрын
Оох угалбадым доканца
@kamchyer3570
Жыл бұрын
Айтбубу Атакулова Азаматсыз сонун ьрдагансьз жакшь чьгармалардь жаратьп журо бериниздер досум кычан менен деп Камчибек Эшиев
@kanikeinurumbetova8300
4 жыл бұрын
Гуркко кытайга. Тийгендер уккула
@talgatislanbekov4952
Жыл бұрын
Байтик чоң атам "келтиресинда"😁
@polpol9092
2 жыл бұрын
Айтбубудой эч Ким ырдай албайт
@user-jh7wj4zp1x
4 жыл бұрын
Кытайга карейге японго оруска тур ко арбка тийген кыздар эсинерге келгиле моу ырды уктунарбы.
@aminalymkulov6327
3 жыл бұрын
Илгери эле хандар митаам экенда э
@user-jy6wm8mq4l
3 жыл бұрын
Эүү кандайсыңар
@user-ep3it1kl3k
5 жыл бұрын
гүлгаакы сыдыкова ырдайт
@danagyldjymabekova8753
4 жыл бұрын
Айтбубу Атамкулова аткарып атат .
@user-jd4os8lc8t
4 жыл бұрын
Соз жок
@zarinachokombaeva3733
2 жыл бұрын
Айсары байкуш эмне болдукен кийин
@TT-xw6sq
3 ай бұрын
Байтик "баатырдан" сураш керек.
@aminalymkulov6327
4 ай бұрын
Бу шабдан менен бантик око деги жакшылык кылганы барбы Бир жакшылыгы жок
@TT-xw6sq
3 ай бұрын
Байтик зулум-канкор эле болгон экен, бир баш кой бекен же жылкы жоголуп кетсе малчы жигитин "КАРАГАН"га ороп кыйнаган экен. Ошондо ал ким болот, баатырбы?
@janulakulbekova3496
5 жыл бұрын
угуу санжыра уккандай кызыктуу
@user-yz5rj6ul6d
5 жыл бұрын
Унуңуз ото сонун экен ыр аябай укулукту экен
@user-ry7nq6ig5x
5 жыл бұрын
Janul Akulbekova жакшы дастан мага жагат
@user-es2qu1fm7z
3 жыл бұрын
Блогер, аткаруучунун аты жонун жазып жургун, и автор созу, обону!!!
@TT-xw6sq
3 ай бұрын
Автору, белгилүү акын Какен Алмазбеков болот, ошол Шалта айылынан болот,Чүйдөн. Чагылган, Сагынам, Көрүнүп койчү бир кайра, дагы көп жакшы ырлары, дастандары бар.
@aibekomurbekov6553
5 жыл бұрын
Ким аткарат жазып койгулачы
@danagyldjymabekova8753
4 жыл бұрын
Айтбубу Атамкулова деген ырчы бар , ошол эже ырдайт .
@user-nb7hs7un8p
3 жыл бұрын
Аткаруучу ким?
@user-zu1xr7ss1k
3 жыл бұрын
Айтбүбү Атамкулова.
@alinurkalmyrzaev4397
5 жыл бұрын
Роза Аманова эжекебиз ырдачуу эле бул анын унуно окшобойтко
@danagyldjymabekova8753
4 жыл бұрын
Айтбубу Атамкулова аткарып атат.
@user-sp5ku7vd5r
4 жыл бұрын
Жакшы ырдатыр рахмат
@user-dr4ec7gq6p
4 жыл бұрын
Журокту езет гоо
@duywonaldekov9534
4 жыл бұрын
👍👍👍👍👍
@TT-xw6sq
2 ай бұрын
Аткаруучу, эң алгачкы дастан аткаруучу, Маданияттын мыкты кызматкери - Айтбүбү Атамкулова. 1962 г.р.
Пікірлер: 70