#сыймыкбейшекеев #айтылбаганмахабат #махабат #хитырлар #эскиырлар #кыргызчахит
Айтылбаган махабат
Сөзү, обону Сыймык Бейшекеевдики
Көнөктөп жамгыр төксө жеңилдеймин,
Көөнөрүп ал оюма жеңилбеймин.
Кусадан курган жүрөк жанчылса да,
Кумарлуу көздөрүңө тигилбеймин.
Кайырма:
Аптыгып ак жамгырда сейилдеймин,
Артылып карабасаң кейибеймин.
Мендеги бул сезимди түшүнбөсөң,
Мен сага бул сүйүүмдү билдирбеймин.
Жалгыздык жандап баскан жолдошумдай,
Жаңырат ойлор уюп коргошундай,
Сезилет күндө бир маал көрүнбөсөң.
Сергибей, бөксө жерим толбочудай.
Кайырма:
Сен туруп көңүлүмдүн борборунда,
Камалдым махабаттын коргонуна.
Тийгенде ал сендик деп угулгансыйт,
Тамчысы ак жамгырдын колдорума.
Кайырма:
Негізгі бет Музыка Айтылбаган махабат - Сыймык Бейшекеев
Пікірлер: 56