2024-жылдын 8-июль күнү Кочкор районунун Чолпон кинотеатрында "Ак жол сага бүтүрүүчү!" аталышындагы салтанаттуу азем болду. Салтанаттуу иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эркин Чекирбаев, Бермет Абдрахманова , районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтык Турсуналиев, Кочкор райондук аялдар кеңешинин төрайымы Салтанат Бараканова, "Кочкор Биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы Ормон Нурбек уулу, Кочкор райондук жаштар кеңешинин төрагасы Рахмат Өмүрбек уулу, "Кочкор Прогресс" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, мектеп директорлору, окуучулар жана ата-энелер, сыйлуу коноктор катышышты.
Салтанатта жеке ишкер, өлкөбүздүн мекенчил уулу Нурбек уулу Ормондун жеке каржылык колдоосу менен Кочкор району боюнча эң көп упай алган И.Арабаев атындагы орто мектебинин окуучусу Чолпонкулова Раянага 1000$, орус тили жана математика мугалимдерине 250$, Н.Жүндүбаева атындагы мектеп гимназиясынын окуучусу жалпы ЖРТда 218 балл алган Эсенбекова Айжанга 10000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Ал эми эң көп упай алган И.Арабаев атындагы мектеп. гимназиясына Volkswagen Passat B5 үлгүсүндөгү автоунаа Нурбек уулу Ормон жетектеген "Кочкор Биримдиги" коомдук бирикмеси тарабынан тапшырылды.
Ошондой эле жалпы республикалык тестирлөөдөн 190дон ашык упай алган Кочкор районунун баардык мектептеринин окуучулары жана мугалимдери ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Негізгі бет Ак жол сага бүтүрүүчү! Кочкор району 1 - Бөлүк
Пікірлер