Өтөбөй уйку неченин,
Дайрасын ойдун кечемин.
Ажарың жүрөк жандырган,
Ак шоокум сен деп сеземин.
Көздөрүң алоо жаккандай,
Каректе көп сыр жаткандай.
Таасириң мынча сүйкүмдүү,
Жайлоодон аткан ак таңдай.
Тартасың ойду жеңесиң,
Тартылып көзгө кэлесиң.
Айламды кандай кыламын
Ээрчитип алды элесиң.
Карагым келип дембедем,
Каксаң да каалап сен дегем.
Бүт тартып алган эркимди,
Бүткөнсүң айтчы эмнеден.
Сен турган кыштак жаркырап,
Көңүлдө элес калтырат.
Эзбесең боло жүрөктү,
Эчаккы өчүң барчылап.
Көрбөсөм көңүл жайланбай,
Көп ишим унут калгандай.
Жаныңда турсам жарым саат,
Ошол күн мага майрамдай.
Негізгі бет "АК ШООКУМ" Сөзү, обону Ашыраалы Айталиев. Автордун аткаруусунда.
Пікірлер: 20