Алты адамдын өмүрүн алган Аксы окуясынын катышуучулары элге ок аткан күнөөкөрлөр дале жазасын албаганына нааразы болуп келишет. Жергиликтүү калк эл мүдөөсү уурдалды деген пикирде. Жарасы бүтпөгөн, суроосу көп Аксы окуясы боюнча аймактык кабарчы жергиликтүүлөрдүн пикирин укту.
18 жыл мурун бул күн Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Гүлбү Омүкеева үчүн оор жоготуу болгон эле. Ал күнү 31 жаштагы жолдошу Четинбаев Эркинаалыдан ажырап, 28 жашында үч баласы менен жесир калган. Жолдошунан ажыраган айым үчүн кичине балдарын чоңойтуу жеңил болгон жок.
jalal-abad.turm...
Негізгі бет Аксы окуясы: Арадан 18 жыл өттү күнөөлүүлөр жазаланбай, көксөөбүз суушган жок
Пікірлер: 17