Урматтуу достор! Күн мурун “Альянс Алтын” компаниясында кызматкерлер арасында IV Спартакиада болуп өттү.
Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” ишканасы кызматкерлеринин моралдык дагы, физикалык дагы саламаттыгын ойлоо менен, аларды спорт менен машыгууга шыктандырып, ар жылы ар кандай мелдештерди өткөрүп турат. Учурдагы спартакиада эсеп боюнча төртүнчүсү болуп саналат.
Жалпы 10 команда - “Альянс Алтындын” бөлүмдөрүнөн жети жана Жерүйдө иштеген подрядчы уюмдардан үч команда ат салышты.
Спорттук программага төмөндөгүлөр кирди:
•гиря спорту;
•дартс;
•стол тенниси;
• ордо;
•футбол;
•аркан тартышуу;
•шахмат;
•волейбол (50 жаштан өйдө эркектер жана аялдар арасында).
❕Мелдештин урааны - “Ырыс алды ынтымак” болду.
Жогоруда аталган IV Спартакиада Металлургдар күнүнө арналып, негизги максаты командалык духту көтөрүү, спортту жана дени сак жашоо образын жайылтуу, ошондой эле жагымдуу маанай тартуулоо болду.
“Альянс Алтын” ишканасынын жетекчилиги алдыда мындан да чоң масштабдагы мелдештер өткөрүлө тургандыгын белгиледи.
Негізгі бет “Альянс Алтындагы” IV Спартакиада кандай өттү?
Пікірлер