Жалал-Абад шаарынын тургуну Абдурахман Абдымаликов кондитер таттууларын чыгаруучу ишкана ачып, бүгүнкү күндө 50 дөй адамды жумуш орду менен камсыздап келет. Өндүргөн продукциясын Жалал-Абад облусунун дээрлик бардык аймагына сатат. Алгач ишкерликти үй шартында баштап, кийин үч кабаттуу имарат куруп, заманбап шартта цех иштетүүгө жетишкен Абдурахман мырза, муктаж жарандарга дагы колдоо көрсөтүп келет. Тапкан кирешесинин эсебинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылууда. Сузак району боюнча ар бир айыл өкмөтүнө бирден үй куруп, муктаж жарандарды камсыз кылууну максат кылган ишкер, бул ирет эки айыл өкмөткө салган үйлөрдү тапшырды.
- 2 жыл бұрын
Жалал-Абад: 50 адамды жумуш менен камсыздап, кондитер таттууларын чыгарган ишкана | Өнүгүүгө карай
- Рет қаралды 17,698
Пікірлер: 102