Рак илдетинен жапа тарткан Индира Шейшекеева көз жумду
“Азаттыктын” окурмандары жардам берген Индира Шейшекеева 2-июлга караган түнү кайтыш болду. Артында жашы жете элек алты баласы калды. Балдардын улуусу 17де, кичүүсү беште. Учурда балдарды атасы карап жатат.
Индира былтыр күздө рак илдетине кабылганын билип, дарыгерлер анын ашказанын толук алып салган. Жолдошу миграция кеткен бойдон байланышка чыкпай калганын, балдарынын курсагын тойгуза албай жатканын айткан. “Азаттыктан” Индиранын жашоосу тууралуу тасма чыккандан кийин көп балалуу энеге тамак-аш, кийим-кече, акчалай жардам ого эле көп түшкөн.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады #MigrantMediaCentralAsia
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS apps.apple.com/us/app/id15214...
Android play.google.com/store/apps/de...
Биздин сайт - www.azattyk.org/
Instagram - /
/
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб - / @azattykradiosu
Телеграм - telegram.me/Azattyk_radiosu
t.me/azattykrus
Негізгі бет Алты бала апасыз калды
Пікірлер: 853