#ЫдырысИсаков, #Жаңылыктар, #Тротуар
Кыргызстанда эң алгач Алымбек Датка арабага жол курдурган. Анткени Алымбек датканын доорундагы алдыңкы технология араба болчу. Ал ошентип өз заманынын чакырыгына, ошол доордогу зарылчылыкка жооп берген. Андан бери кылымдан ашык убакыт өттү. Биз атарабаны таштап, отарабага өттүк. Асманда учуп, океандын ары жагына жарым күндө жетип атабыз. Он кабаттап бийик үйлөрдү курганды үйрөндүк. Бирок биз али күнгө чейин машина менен жүргөн жолдорубуздун боюна тротуар курганды үйрөнгөн жокпуз. Биз ошол Алымбек Даткачасынан кылып тек гана машинага жол куруп атабыз. Демек биз Алымбек Датка менен замандашпыз, ага классташпыз. Биз ошол Алымбек Датканын доорунан жарым миллиметр да алдыга жылган жокпуз.
Негізгі бет АЛЫМБЕК ДАТКАГА "КЛАССТАШПЫЗ" / АРАБА СҮЙРӨГӨН ДООРДОН АЛЫС КЕТПЕДИК / ЫДЫРЫС ИСАКОВ / ТРОТУАР
Пікірлер: 790