Парламент депутаты Жанар Акаев" "Урматтуу мекендештер, терезеден шыкаалап турган урматтуу эмес соттор! Азыр 99% сотторду жаңылашыбыз керек. Жакында Британияда чыккан "Экономист" деген журнал "Кыргызстан аймактагы эң жакыр өлкөгө айланды. Казакстандын бир жараны тапкан кирешени Кыргызстандын он жараны таппайт" деп жазды. Биздин саясатчылар ичкен коньягын талашып отурат. Саунада жуунасыңбы же үйүңдө тепшиде жуунасаңбы, бизге айырмасы жок. Украинаны карайлы, согушуп аткан, башкалар кол салып жаткан мамлекеттин саясатчылары жогорку маданияттуулугун көргөзүп, 40тын кырынан эми ашкан жигитти шайлап алды. Бизде соттор саясатчыларга иштеп жатат. Соттор силер бийликтен эмес, ушул жерде турган элден коркушуңар керек!".
- 5 жыл бұрын
Жанар Акаев: Соттордун 99%ын алмаштырыш керек
- Рет қаралды 30,614
Пікірлер: 178