"Жаным менин"
Туюк сезимге соң үмүт берип,
Гүлүн ачтың бир карашыңан.
Кыялдарым менин орундалып,
Сени таптым көптүн арасынан.
Не кыларым билбейм сенсиз,
Дартымы кимге сүйлөөрүм.
Сени издеп кечте күндүз,
Ыйлар жүрөгүм.
Кайрыма:
Жаным менин белегим
Жалгыз сенсиң керегим
Көрбөй калсам бир күн эле
Эмнелер көрөр жаным менин
Сүйүнүчтө ар көз ирмем,
Бирге жүрсөм өзүң менен.
Менден өткөн бактылуу ким,
Сөзүң уксам сүйөм деген.
Эсиңдеби ошол кечтеги?
Ай бизге карап күлүп турган.
Асман дагы жылдыздарын,
Бизге арнап, белек кылып сунган.
Не кыларым билбейм сенсиз,
Дартымы кимге сүйлөөрүм,
Сени издеп кечте күндүз
Ыйлар жүрөгүм.
Негізгі бет Жаным менин - Элдос Аваз уулу ( Aşkim Benim - Mustafa Ceceli ) Кыргызча cover версиясы
Пікірлер: 59