Обонун жазган А.Бедияров
Сөзүн жазган Н.Дубаналы
Таарындым сага бул ирет
Ашыгып күйүп от болсом,
Ал тургай кызыл чок болсом.
Азаппы, мага эмне?
Айылыңа келсем жок болсоң.
Сыр айтып сырың чечемби,
Сыздасам сага жетемби?
Сымбатым менин, келсем да,
Сырдаша албай кетемби?
Жүрөгүм күйүп от болсо,
Оттогу кызыл чок болсо.
Жүрөгүм менин күйбөйбү,
Журтуңа келсем жок болсоң.
Тагдырлар качан билинет?
Келбедиң күтсөм миң ирет.
Татына жигит өзүңө,
Таарындым сага бул ирет.
Негізгі бет Арзыбек Бедияров Таарындым сага
Пікірлер: 23