Чоң атабыз Асек колунан көөрү төгүлгөн уста болгон. Анын ээрлерин Кыргызстандын президенттери белек кылууга алышчу.
Чоң атабыз, чоң энебиз экөө тогуз баланы чоңойтуп, баарын окутуп, билим берип, турмушка даярдап уясынан учурган. Неберелерин "Иий кудай ай, Кудай ай" деп жүрөгү эзилип эркелетээр эле. Карып калган кезинде оорунун айынан бир бутунан ажырап калганда дагы, балдак таянып алып ээрлерди жасап, талаа иштерин жүргүзүп бир короо кишини кың этпей бакчу.
Негізгі бет Асек уста
Пікірлер: 4