"НЕСТАН ДАРЕЖАН" Кечип таштап данктан, атактан, Келечегин издеп бараткан. Кайгылуу шер дүйнө кыдырат, Кайдасың сен, Нестан-Дарежан. Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, Азап-кайгы жүрөктү эзип. Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Тоскоол мага боло албаган Тонгон муздуу, ызгаар Бадахшан: Тоону тешип өтөм сен үчүн, Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан... Махабаттын дайрасын кечип, Кумарланып жүрөктү эзип, Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Күнү-түнү чыкпай санаамдан, Күйгөн шамсың мен деп жаралган. Күйүт мени мыжып жатса да, Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан... Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, Азап-кайгы жүрөктү эзип. Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип…
@hvgvvvv5895
Жыл бұрын
Эн жакшы ырчылардын бири.Ырларды журоктун тубуно жеткире ырдаган жылдыз.Мааниси терен ырларды ырдайт.Уну уккулуктуу укмуш ырдаган чыныгы ырга шыктуу инсан.Бар бол.Ден соолук каалайм.
@user-sx1qc9zr1l
Жыл бұрын
Аскат👍💯🚀
@beknazar.eshmuratov1
Ай бұрын
Эмне деген аткаруу 😍😍😍
@user-bx6fc6tu1q
4 ай бұрын
Голос мировой
@user-dj7zv1sy1e
2 ай бұрын
Эски ырлар баарибир жакшы уккулуктуу
@minuraakaeva6260
Жыл бұрын
Уну сонунда уккулуктуу. Бактылуу бол!
@user-io6kk9rr5s
Жыл бұрын
Кунуго жок дегенде бир жолу угам ото керемет 👍
@user-et8mv4hm5j
Жыл бұрын
Өмүрүңө береке берсин кудайым! Элиң үчүн ырдай бер!
@user-on8nc9dx4u
3 ай бұрын
❤❤😢
@hnnn7539
6 ай бұрын
❤❤❤❤❤
@user-uv7ef3rc4d
Жыл бұрын
💯👍👍👍👍👍
@akjamalkonushova2435
Жыл бұрын
❤
@dzhumabubushugaeva4012
Жыл бұрын
Азамат
@zaykaalexzandrovna2970
Жыл бұрын
👍
@user-un7ce4oy7t
4 ай бұрын
👌👌👌👌👌👌👌
@giuligigauri8283
3 ай бұрын
ლამაზი სიმღერაა ლამაზი შესრულებით. ძალიან მინდა ამ სიმღერის ტექსტის ქართული ან რუსული თარგმანის ნახვა. ნესტან-დარეჯანი მე-12 საუკუნის ქართული პოემის, შოთა რუსთაველის "ვეფხისტყაოსნის" (витяз в тигровой шкуре) პერსონაჟია. ძალიან მაინტერესებს, თუ არის რამე კავშირი ქართულ პოემასთან. ეს სიმღერა ყაზახურია, როგორც ვხვდები. პატივისცემით. 😊
@user-hx4wg6eo5s
3 ай бұрын
Кыргызча ыр ❤
@user-ic4op3yr4g
2 ай бұрын
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
@uuljansadyrovna8378
Ай бұрын
Это песня и на КЫРГЫЗСКОМ языке.
@uuljansadyrovna8378
Ай бұрын
Бул ыр поэмада Нестандарежан деген каарман кыз тууралуу сүйүү темасындагы ыр
Пікірлер: 27