Асман чарчап, булутун көтөрө албай,
А чагылган шиши ным көзөй албай.
Жамаачы тон жол менен жалгыз аяк
Жаз келатат жөтөлүп-жөтөлалбай.
Айдоолордон басалбай чалыштаган,
Ала-телек кар жатат сагызган аң.
Кыштак мына араңжан кыштан чыккан
Кыркып алган токойдой арыктаган.
Үндү терип чымчыктын сөзүндөгү,
Тоок кукулдайт жер тамдын төшүндөгү.
Алоолонгон жалындан дүрт этесиң
Азынаган айгырдын көзүндөгү.
Чарчап жаны, арылып боору суудан,
Чал айыкты калтаңдап оорусунан.
Чака кармап бараткан Күн төгүлөт,
Чатыраган келиндин соорусунан...
#Шайлообек #Дүйшеев.
Негізгі бет Асман чарчап, булутун көтөралбай. Шайлообек Дүйшеев (көркөм окуу)
Пікірлер: 2