Ражаб айы бүтүп, Шаабан айы кирип келди. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз сав бул айлар боюнча: “Ражаб - Аллахтын айы. Шаабан - менин айым. Рамазан - үммөттүмдүн айы!” деп айткан. Пайгамбар айы аталган бул айда Пайгамбарыбыздын жашоосунда өзгөчө орду бар болгон сахабалардан ооз ачсак деп ниет кылдык. Тагыраагы Ахли Байттан. Ахли Байттын энеси, бейиштеги улуу төрт аялдын бири Аз.Фатима энекебиз. Ооба, Бинти Абуха б.а. атасынын кызы, Умму Абуха-атасынын апасы, Пайгамбар урпагынын тамыры, Аз.Алинин жубайы, Хасан жана Хусейин р.а.нун энеси Аз.Фатиманы айттып беребиз бүгүн.
Аллах Элчисине баарынан да көбүрөөк окшогон ал болчу. Аз.Айша энебиз “Аллахка ант болсун, эч кайсы кыздын атасына мынчалык окшогондугун кезиктирген эмесмин!” деп айтат. Күлүүсү да, ыйлоосу да, баскан-турганы да, сүйлөгөнү да дал эле Пайгамбыздын көчүрмөсү эле. Ал атасынын кызы эле. “Атанын уулу болуу урмат” деп айтат элибиз. А кызы болуучу?! Атанын уулу болуу канчалык кыйын болсо, “Атасынын кызы!” деп аталуу да ошончолук кыйын. Эгер ал ата - Пайгамбар болгон болсо, андай атанын кызы болуу андан беш бетер кыйын. Аз.Фатима энебиз мына ошондой оор жүктү аркалаган кундуздай, берметтей кыз эле. Бир тараптан ошончолук оор милдетти алып жүргөн эне эле.
Негізгі бет АТАСЫНЫН КЫЗЫ - АЗ.ФАТИМА
Пікірлер: 217