Тан да кеч энсеп өзүңдү
Тамчы жаш чайкап көзүмдү
Сагынамын,сагынамын!!!
Ойлонуп сенсиз тура албай,
Оюмду сенден бура албай
Сагынамын,сагынамын!!
Кайдасы азыр, кайдасы?
Кай жерде? Кандай жайдасын?
Санаага батып,зар болуп!!
Сагындым сени,сагындым!
Кабарын айтчы барайын,
Караанын издеп табайын!!
Кайгыга батып зар болуп,
Сагындым сени,САГЫНДЫМ!!!!!
САГЫНДЫМ СЕНИ,САГЫНДЫМ!!!!!
Убакыт өтсө,күн өтсө!
Уйкусуз сенсиз түн өтсө
Сагынамын,сагынамын!!!
Ай жылып батып баратса,
Агарып жарык таң атса
Сагынамын,сагынамын!!!!!!!!
Кайдасын азыр,кайдасын?
Кай жерде? Кандай жайдасын?
Санаага батып,зар болуп!!
Сагындым сени,сагындым!
Кабарын айтчы барайын,
Караанын издеп табайын!!
Кайгыга батып зар болуп,
Сагындым сени,САГЫНДЫМ!!!!!
САГЫНДЫМ СЕНИ,САГЫНДЫМ!!!!!
Негізгі бет Музыка Азамат Токтокадыров |САГЫНАМЫН Жаны ыр 2023
Пікірлер: 207