БАКАС - “ТАЛАСТЫК КЫЗ”
Сөзү: Нурлан Эржанов
Обону: Нурлан Эржанов
Сулууларга жаралган ырым,
Суктандырып айтайын сырым.
Жүрөгүмдүн күүсүн келтирип,
Таластык кыз черттин сен кылын.
Кайрыма:
Обондорум оболоп боздойт,
Жүрөгүмдү ак сүйүү козгойт.
Сезимимдин бакыт ыргагын,
Татына бир Таластык кыз козгойт.
Карагаттай мага көрүнүп,
Кайда жүрсөм оюм бөлүнүп.
Карегимде жанган жалындай,
Канчалаган ырлар төгүлүп.
Махабатка магдырап жаным,
Мен ансайын сүйүп барамын.
Улуу айкөл баатыр Манастын,
Урпагынан менда алайын.
#Бакас #Таластыккыз #Жаңыыр2024
Негізгі бет Музыка Бакас-Таластык кыз/Жаңы ыр 2024
Пікірлер: 93