Кеч күздө
(созу Жыпар Исабаеваныкы,
Обончу, аткаруучу Бакыт Сейталиев)
Кеч күз. Муздак...
Шамал бетти аймалап,
Карга айланып
жамгыр жаады майдалап...
Мен колуңдан
аяр кармап келаттым,
Шылтоо болуп
“жолдо жаткан” тайгалак...
Сен да мага...
тигилип да, тигилбей,
Ырдап берчи? -
дедиң үнүң дирилдей,
Дир-дир эткен
жалбырагы бульвардын,
Ырыбызды
коштоп барды билинбей...
Кечки туман.
Түн жамынып айлана,
Кар себелеп
жаап жатты жай гана.
Адашуудан
корккон окшоп колумду,
Бекем кармап,
жакындадың сен мага.
Негізгі бет Музыка Бакыт Сейталиев. "Кеч күздө"
Пікірлер: 32