ЫР КУСА
(Сөзу Жыпар Исабаеваныкы,
Обончу, аткаруучу Бакыт СЕЙТАЛИЕВ)
Билбейм кимди...
Бирок катуу сагындым...
Каршы агымга келип турат агылгым.
Жандүйнөмдө жанды жеген кусалык,
сенден бирок келбейт окшойт айрылгым...
Көкүрөктө,
көөдөндө от тутанып,
Көздөрүмдө көлкүлдөгөн кусалык.
Биз бактылуу боло электе сүйүүдөн,
Айрылыштык, айтчы кантип узадык?..
Жазгым келип
сен жөнүндө жакшы ыр,
Жандалбастоо жанга бүткөн бактыдыр.
Жалбырттоодо жалын болуп бүт дүйнөм,
Балким сен деп сыздоо мага жакшыдыр?
Негізгі бет Музыка Бакыт Сейталиев "Ыр куса"
Пікірлер: 7