Салам! Бул жолку биздин коногубуз журналист, балдарды эрте өнүктүрүү боюнча консультант жана блогер Сапаргүл Абдинабиева. Сапаргүл уулун гаджетсиз кантип өстүрдү жана эрте өнүктүрүү боюнча кандай ыкмаларды колдонгону тууралуу өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Лайк басып, бул видео менен бөлүшүп, комментарийлерди жазсаңыз - аябай кубанычта болобуз. Баса программаны аягына чейин көргөндөр конкурска катыша алышат:) Каналыбызга катталганды унутпаңыздар!
@nurdemirer1923
Жыл бұрын
Мынча сомго жазфлсан бала тарбиясын уйротом дебей эле жон эле тил менен соонун айтып бериптир😊
@naimatokaboka9229
11 ай бұрын
Ошо да
@МээримДжишенбаева-й1о
Жыл бұрын
Сапаргулду Билим министр кылыш керек. Даяр кагазды окуй албаган зам министрлер бар экен
@НурайМашрапова
11 ай бұрын
Эмне деген билимдүү кыз. Азамат сен кыргызстандын желегин бийик желбирете турган уул тарбиялапжатыпсың
@nurgilberdibekova7250
11 ай бұрын
Улан Эгизбаев жар тандоодо адашбаптыр Аллах сизге кооп жакшылыктарды берсин
@АселСыргаккызы-б6м
Жыл бұрын
Белек аябай бактылуу бала экен.Анткени ушундай акылдуу апасы бар.
@ziyadakurbanalieva487
Жыл бұрын
Коментарий жазып отурганга негизи такыр убаутым жок,бирок мактап кетпесем болбойт ото грамотный кыз экен билимдууоугу суйлогон созунон эле билинип турат
@СамираКаримова-о7п
11 ай бұрын
Мына сага бекер курс, Аллах ыраазы болсун мынча соонун создор.
@Eras-31
Жыл бұрын
Улан мырза ушундай жубайы менен төбөсү көккө жетип сыймыктанса керек эле😢
@ТашгулШаева
11 ай бұрын
Дээринде бар кыз экен,Сапаргул айымдай акылдуу кыз-келиндерибиз кооп болсун!❤
@КанатбековаАйгеримКанатбекова
Жыл бұрын
Вот это мама-супер,не каждый может так воспитать детей
@gulkarboz8153
Жыл бұрын
Сапаргүл аябай илим-билимдүү, парасаттуу айым! Уландын жаткан жери жайлуу болсун 🙏 Белек дагы ата-энесиндей чыгаан жигит болсун.
@syumykakbarov9523
Жыл бұрын
Эн соонун кенештер😢😢😢. Мени да балам атасын корбой калды . Мен беременный экеними билгенде эле жолдошум каза болуп калган 1 эле айлык болчу 😢😢😢😢😢. Мен да ошондо балам учун деп озумду кармап жакшы жургонго аракет кылгам. Балам жакшы торолсун балам ден соолугу жакшы болуп торолсун деп. Кудайга шугур балам жакшы торолду. Мен да сезем жолдошум каза болгондо аябай кыйналгам оксуп ыйлап туралбай жатып калгам эчким жакпай адамдарды жактырбай бир комнатаа ыйлап жатып калчумун😢😢😢. Азыр баламда сезип калам ошондогу абалымды. Ээээн туура айтты молодец. Аябай жыргап уктум . Ыйлап да алдым мени журогумдогу создор, мен 100% сезип туйдум сени башындан отконун. Себеби менда ошол кундордон отком😢😢😢. Ар бир бала жакшы бактылуу балалыкта ата энени мээримине болонуп чонойсун ылайым😢😢😢😢
@Нурдоолот-п9х
11 ай бұрын
1. Башка тен туштарына салыштырбоону 2 . Кыргыз тилине басым жасоону 3. Балага колдоо берууну 4. Көп билим алууну 5. Баланы тартынбай көп эркелетүүнү Өзүмө ушундай маанилүү кенештерди алдым. Эркелеткенден уялчумун. Буюрса эми тынбай эркелетем. Москвада болгонго орусча сүйлөшчүмүн эми ушул берүүдөн сон кыргызча сүйлөшөм
@TaalaibekovaM
Жыл бұрын
Ушунчалык ырахаттанып, бир дем менен көрдүм. Жылдыз эже, соонун проект баштаптырсыз! Долбооруңуз өсө берсин! Чындап эле, үйдө (декретте) отурган айымдар үчүн мазмундуу, түшүнүктүү, терең маалыматтар болду. Күнүгө кайталанма турмуш(быт) менен алек болуп, балага жетиштүү көңүл бөлө албай анысы аз келгенсип кенедей кызымды уруп койгонума өкүндүм. Чоң сабак алдым. Сапаргүл айымга терең ыраазычылык айтам!
@alinakasenova4465
Жыл бұрын
Жан дүйнөсү таза, акыл көрөңгүсү бай адамды угуу мынча сонун. Бул чыгарылышты мен бир дем менен көрүп чыктым. Ушунчалык маңыздуу, таасирдүү, көптөгөн ата-энелерге күмүш сырга боло турчу маек болуптур. Сапаргүл айымдын асыл ой, кеп- кеңештеринен өзүмө алган 5 инсайт: 1. Канчалык жакын адам болбосун, бирок кандайдыр бир психологиялык агрессия колдонулуп жатса (менин мисалымда андай адам бар, коркутуп тамак берип жана коркутуп уктатып сала турчу😭) ата-эне баланы ал адамга БИЛИП туруп таштап кетсе - бул ата-эненин күнөөсү (аябай ойлондурду, дагы да оюмду бекемдеди) 2. Балага туура тарбия, туура адаттарды өздөштүрө алышына көп болсо 5 эле жылдай убакыт бар экен, ошол жылдарды туура пайдаланып, туура адаттарды сиңиргени үлгүрүп алышыбыз керек (кызыма сиңирген адаттарды кайра ойлонуп, жаңы пайдалуу адаттарды үйрөтүшүм керек экен деп калдым) 3. “Кыргызча так сүйлөгөн балдардын энесине улутка салым кошкону үчүн рахмат айткым келет” деген сөздөн соң аябай таасирлендим. Балдарыма эне тилин жакшы өздөштүргөнү ЭНЕнин салымы чоң экенин билчимин, Сапаргүл айым аны таасирлүү сөздөрү менен далилдеп берди. 4. 3 жашка чейин гаджеттерди бербөө зарыл. Интернет аркылуу эмес табигый түрдө бала ааламды тануусу керек. Кыскасы, кызымды табият менен таттуу мамиледе болдуртуп, гаджеттерге көп жакындатпайын деп ойлоп калдым. (кызыма эми бере баштадым эле, бул маанилүү маалыматтан соң четтеткени аракет кылам) Маанилүүсү, бала көрбөш үчүн ЭНЕ өзү көрбөш керек, бул сөз өзүмдү оңдошум керек экен деген ойго салды. 5. Бала менен эненин ортосунда эмоционалдык жакындык болушу үчүн үзгүлтүксүз бала менен баарлашуу, суроо берүү, чогуу ойноо, кытыгылоо, оюн эсепке алуу, сүйлөбөй, жооп бербей жатса өзүң эле жаңылык айтып кызыктыруу деген сонун маанилүү маалымат болду мага. Баарыбызга бирдей маалымат, бирдей убакыт, бирдей билим алганы мүмкүнчүлүк берилет, бирок ошол нерсени кайсы нукка колдонооруң сен өзүңдөн көз каранды экенин бул маңыздуу маектен билип эң сонун таалим-тарбия алдым. Алган билимибиз жугуштуу болсун, сиздерге терең ыраазычылык.
@ainarakadyralieva8862
11 ай бұрын
Азаматсын Сапаргул ото акыддуу билимдуу айымсын бул видиону бир дем менен кордум ушундай долбоорду ачканынарга чоон рахмат❤❤
@ИдаятМурзабекова
11 ай бұрын
Азаматсын журналист Кыз , жакшы передача даярдапсын Сапаргул мн анан озун эмне жоолук салынгансын бул жактан коргон кишиге аябай , кечиресин жаман корунуш экен же жоолукту жакшы Саган эмесиин. Мынтип эфирге чыкпа сураныч,
@umut.aloe80
11 ай бұрын
Сапаргул аябай билимдуу айым экен,азаматсын❤
@ЧолпонШамилкызы
10 ай бұрын
Кандай акылдуу, зирек Кыз Аябай суктандым❤
@peridajoomartova5096
11 ай бұрын
каждый день надо слушать эту лекцию 😘
@nurikudaiberdievna337
Жыл бұрын
Сапаргул молодец озу жаш болсо да ото билимдуу,акылдуу,аябай соонун суйлоп маанилуу,адамгерчиликтуу адамдык сапаты ото бийик экен коруп козум тойбой суктанып баардык ишими токтотуп кордум.Сапаргулдой айымдар кобойсо Кыргызстан онугот осот эле аябай соонун аялсын молодец билимин ото курч экен сендей билимдуулор кобойсун Белектайдын мандайына бар болуп эконор бактылуу омур сургуло Уландын белеги сага айланып кетейиндер аман болгула ийгилик ❤❤❤
@Dastanova22
11 ай бұрын
Мен алган эн маанилуу 5 маалымат: 1. Балага эмоционалдык жактан жакын болуу 2. Эрте жаш курагында балада жакшы адаттарды калыптандыруу 3. Бала менен эненин ортосунда дене жакындыгын ойготуу (сылоо, кучактоо, обуу) 4. 5 жашка чейин академиялык билим беруу бала учун оор 5. Баланы табият менен жаныбарлар менен жакындан тааныштыруу
@ТолгогайДуйшобаева
Жыл бұрын
Улан Эгизбаевдин жаткан жери жайлуу болсун!Аллахым Фирдаус бейишинен орун берген болсун.Эң соонун маек болуптур.Ыраазычылык сиздерге.
@Арууке-ж5ы
Жыл бұрын
Кандай сонун маек!Бир дем мн коруп чыктым.Озумо да коп маалыматты алдым.Коомубузда Сапаргул айымдай балага туура тарбия берген апалар коп болсун.
@aimiranasirova2165
Жыл бұрын
Бул маектен алган эн жакшы 5 маалымат: 1) өзүн-өзү успокоить эткенди, дем алдырганды үйрөтүү😁 2) билим алып туруу 3) башка балдар мн салыштырбоо 4) көп-көп кучактоо 5) азыртан туура адаттарды киргизүү
@Жаңыл.М.С
10 ай бұрын
бул маек өтө пайдалуу болду.Көп жашаган билбейт,көптү көргөн билет,деген туура экен.Рахмат Сапаргүл. 1.Баланы тарбиялоодогу ыкмаларды үйрөндүм. 2.Неберелерге көп тилдүүлүккө үйрөтүү туурабы? 3.Чоң эне,чоң ата,таене,таятанын неберени тарбиялоодогу орду. 4.Телефондон келечектерибиз-неберелерибизди алаксытуу,бөлүүнүн ыкмаларын үйрөндүм. 5.Сапаргүл жаш энелерге өтө баалуу көп кеңеш берди.айрыкча баланын эмоциясын түшүнүп,өзүнүн жакыны экенин түшүндүрүү,уруп -согуп эмес,түшүндүрүү жолу менен тарбиялоо. Сапаргүл Белекти келечекте атасындай адилеттүү жигит кылып өстүрүүңө ишенем,ийгилик каалайм.
@bermetamirbekkyzy6408
7 ай бұрын
Соонун эфир болуптур чоң рахмат Мен баламды көп шаштырат элем эми андай кылбайм Абдан пайдалуу маалыматтарды алдым 1 баланы шаштырбоо 2 бала менен көп маектешүү 3 жаратылышта көп сейилдөө 4 баланы тарбиялоодо өзүм үлгү болушум керек экен 5 баланы 3 4 жашка чейин телефон телевизорсуз чоңойтуш керектигин ж.б. маалыматтарды ала алдым. Уккан нерсебизге амал кылууга аракет кыламын эфириңиздер абдан жакты дагы бир жолу чооң рахмат❤❤
@НурзияЫзаканова-м6м
Жыл бұрын
Өтө билимдүү айым экен , Ийгилик
@ДинараКарабаева-х9з
7 ай бұрын
Чындыгында ото билимдуу, мээримдуу, токтоо энелердин катарын толуктайт экен сонун кенештерди алдык рахмат
@ГуляндаИдрисова-ц1ш
11 ай бұрын
Ото билимдуу айым экен энелер билимдуу болушубуз керек
@aims4211
11 ай бұрын
Бир дем менен коргон эфир болду ❤ Суроолор абдан маанилуу койгойлордон берилди,ал эми жоопторуна соз жок, абдан керектуу кенештерди алдым! 1)Балага жакын болуу (эмоц. Интеллект) 2)Таза аба,табигат менен тааныштыруу 3)Бала мн коп суйлошуу 4)Баланы салыштырбоо 5) Кичинекей экран абдан зыян экенин эми билдим.
@rohasatarova8628
13 күн бұрын
Бул чыгарылышка чон рахмат. Эмгегинер берекелуу болсун ! 👍 Озум учун коп нерсени тушундум. Келечекте мен да апа болгонду каалайм! Балдарыбызга китеп окуп берип, алар менен тоого барууну келечектеги жолдушум экообузго кудай насип этсин 🙌
@УмутайАсанова-ж3д
12 күн бұрын
Аябай пайдалуу маек болуптур.Ар дайым актуалдуу болгон специалистти чакырасыз аягына чейин кордум,билимдуу эне билимдуу келечекти курат 👏👏👏
@aizadakadyralieva
Жыл бұрын
Сапаргүл айым, Жылдыз айым пайдалуу чыгарылыш үчүн ыраазычылык😍🤗 Өзүм үчүн чоң инсайттарды алдым. Уккан кеңештеримди жашоомдо колдонуп баштайм Ин Шаа Аллах🤲🏻👍🏻
@NazgulBektemirova-b8t
11 ай бұрын
Абдан акылдуу, билимдүү, сөзгө чечен,айта берсе сөз жетпейт, үнү да сонун уккулуктуу, абдан суктандым.Ой максатыңа жетип, уулуңду эрезеге жеткизип, Кыргызстанга салымынды кошот деп ишенем, бактылуу бол!
@AinagulMoldomurzaeva
11 ай бұрын
Абдан сонун жооп берет экенсиз балдарымдын жаштыгына кайткым келди 😢😢такыр туура эмес караган экемин рахмат ушул берүүгө
@ДарыяТаштемиркызы
Жыл бұрын
Кудайым ай мен балдар мн суйлошконду кучактаганды билбей турбаймынбы ошлордун денгелине тушуп балдарым мн урушуп кетем😢
@elnuramonosheva
8 ай бұрын
Эн сонун маек болуптур. Чоон Рахмат ушунчалык жонокой тилде коп нерсени бизге энелерге уйротконунуздорго 1. Баланы коп кучактап тактильный мамиле абдан маанилуу экендигин 2. Баланы башка эч ким менен салыштырбоо керектигин. 3. Озубуздун улуттук тилге басым жасоо 4. Балага кунумдук эрежелерди жаш кезинен калыптандыруу. 5. Балага башка адамдарга гумандуу, сылык, адептуу мамиле кылуусун калыптандыруу Деги эле дагы кооп нерселерди озумо алдым. Эмгегиниздер учун чоон рахмат дагы бир жолу. Кыргыз тилинде китептеринизди биз региондордо жашап кайдан ала алабыз?
@Ажомка
Жыл бұрын
Мен бул интервьюну коруп аябай таасирлендим😊 Ушунчалык уккулуктуу , коп маалыматтарды айтты. Билими ушундай жогорку денгээлде экен. Чын журоктон баардык суроого так, толук жооп берип жатты. Уккандан тажабайт экенсин😘 Сапаргул эжени дагы коп коп чакырышынызды суранам🤗👍👏👏👏💐💐💐 Сапаргул эже ишинизге ийгилик, Белектайдын мандайында аман болунуз. Соонун маек учун чоон ыраазычылык💐💐💐
@ЖыпаргулЖаныбайкызы-ы2ъ
11 ай бұрын
😢😢😢😢Коргондон баштап ичим эзилип ыйладым Улан Эгизбаевди элестетип отурдум, азамат эне экен Сапаргул ылайым бактылуу болсун, баласыда акылдуу омурлуу болуп чонойсун
@EsmaOmurova
Жыл бұрын
Алпаруучу айым да сонун алпарат экен. Баарыныздардан Аллах ыраазы болсун.
@НурланСуеркулов-ч8х
10 ай бұрын
1 Эмоционалдык мамиле тууралуу үйрөндүм. 2. Монтисори ыкмасы боюнча 3. Баланы башка бирөө менен салыштырбоону 4. Өз алдынча болгонго үйрөтүүнү 5. Баланы ар тараптуу өстүрүүнү.
@alinakasenova4465
Жыл бұрын
Алдей каналдын өркүнү өсүп, ата-энелерге пайдалуу маалыматтарга бай коноктор арбый берсин. Жылдыз айым, сизге терең ыраазычылык, абдан таасирдүү, пайдалуу канал болуптур. Иштериңиздерге албан ийгиликтерди каалайм.
@minbaevny
11 ай бұрын
Мен кабыл алган "5" Маалымат 1- балдарды бири-бирине салыштырбоо 2-эмоцияларды кантролдоо, абалды өзгөртүү 3-гумандуулукка тарбиялоо 4-жакындыкты дайыма сезүүсү 5- мыкты адаттарды 5 жашка чейин калыптандыруу
@bmimva6751
11 ай бұрын
Эн соонун маек болуптур 👍 терен ыраазычылык билдирем, мен да татыктуу, билимдуу, улгулуу эне болгум келет 🤗🥰
@jamilaaslanbekova312
8 ай бұрын
Соонун подкасттарды тартып жатасыздар ,кино,сериал корбой ушундай пайдалуу маалымат алганыбыз кандай гана соонун❤
@Gulnura1988
Жыл бұрын
Мен Сапаргүлдөн мен 1)ачуу келгенде абалды өзгөртүү жөнүндө 2) ядро тегерекчелер аркылуу жакын чөйрө, андан кийинки чөйрө тандоону 3) эмоционалдык эс тутумду калыптандыруу аркылуу эне баласынын жакындыгынын маанисин 4) индивид - балага адамдарды таанууга мүмкүнчүлүк берүү керектигин 5)Эне тилди эне гана жеткиликтүү үйрөтүү маанилүү экенин түшүндүм Аябай терең ыраазычылык билдирем Англиядан аман эсен кайтып келип дагы интервью берүүсүн күтөм деп беш баланын апасы Гулнур
@TaalaibekovaM
Жыл бұрын
Эмоцияны башкаруу үчүн суу ичүү ыкмасы мага өзгөчө керектүү маалымат болду. Анан албетте, гаджеттен четтетүүнүн ыкмасы... Ошондой эле чоң ата, чоң апалары менен менин балага болгон мамиле таптакыр бизде бөлөкчө болуп келген... Ошол себептен баланы кызгануу деген сыяктуу сезимдерде жүрдүм эле... Буга дагы жооп ала алдым. Мындан сырткары жаратылышка тез-тез чыгып туруу кеңеши маанилүү болду. Квартирада жашаган балдар үчүн чындап бул керек нерсе экен... ❤
@НаргизаДжунушалиева-ю8х
2 ай бұрын
Кулак суйунот бар бол омурун берекесин берсин бычака сап бала болот буюрса Сапаргульдой эне мн ❤❤❤❤❤❤
@Alinaa366
Жыл бұрын
1 Баланы жашынан тарбиялоого аракет кылуу. 2 Суйлошуу диалок куруу.оз оюн айтканды уйротуу 3 Эне менен баланын ортосунда Суйлошуу 4 Заман талабына ылайык тарбиялоо билим берип остууру 5 Туура режимде чоноюсун козомолго алуу
@МээримЭралиева-ю6ь
Жыл бұрын
Сапаргул айткан баарын балама жасабасамда, кээ бир жасаган мамилелерим туура экенине кубандым! Чооон рахмат Белекке бактылуу балалык каалайм 💐🥰😍
@AsiyaSattarova
8 ай бұрын
Сапаргул азаматсын омурун узун болсун эки дуйно бактылуулук каалайм
@dinaramataeva8638
Жыл бұрын
Соз байлыгы ото кенен эжебиз Сапаргул 😊
@yryskan.kubanycbek
11 ай бұрын
Отоо керектуу маалыматтар экен 👍🏻Балалу болуу оной бирок ошол эле учурда ага туура тарбия беруу ото олутту маселе!Соонун кенештер ❤
@СымбатКалидинова
11 ай бұрын
1. Мага эне бала ортосундагы мамилелер дене денге тийүү 2. Телефон берүүнүн ордуна убакыт бөлүп массаж, жомок айтуу 3. Эне тилин жүрөгүнө салуу 4. Энелер билим алуу 5. Түшүнбөстүктөрдү көз менен карап чечүү 6. Жакын аралыкта эмес кезде да жакындай сездирүү айтор көп маалымат ала алдым. Сүйүндүм бир эсе ыйладым. Аллах ыраазы болсун бизге ушундай маалымат жеткиргендерге.
@eliza.zhanazakova
12 күн бұрын
Бир дем менен көрүп чыктым. Өтө соонун маек болуптур. Балам менен келише албай,урушуп,кээде уруп койгонум үчүн жаман болуп кеттим.😢
@aizhanuradilova2698
Жыл бұрын
Эн соонун кенештер болду. Коп нерселерди билип кылып кылбай жургондорду озумо кылайын деп чечим кылдым. Мен билбеген нерсе эмоциянды озун управляйтетип чон чон дем ал деген болду. Рахмат!❤
@ТөркүнбүСариева
11 ай бұрын
Сапаргүл татынам акылдуу Белегин бактылуу балалыкта чонойсун❤ атасындай чыгаан жигит болуп чонойсун
@muslima1992
Жыл бұрын
Ушунчалык соонун маек 5 саат болсо да тажабай укмакмын❤
@НургульМамыралева
9 ай бұрын
Аллах ыраазы болсун соонун тушунуктуу укулукту сабак болду бизге уккан сайын уккун келеткко
@dinarazhaanshakyzy3237
10 ай бұрын
Салам. Бул маектешүү мага абдан жакты . Абдан кызыгуу м-н көрдүм . Кээ бир жерде өзүмдүн каталарымды тапсам , кээ бир жеринде абдан көзүмө жаш алуу болду... Сизге рахмат Сапаргүл . Азыркы учурда дагы жан дүйнөмдө кандайдыр бир сезимдер болуп атат....
@АдинаАбибиллакызы
Жыл бұрын
Кантип ушул каналды корбой журдум❤ Сонун маалыматтар берилет экен❤
@НуркызОрунбаева
11 ай бұрын
Алкыш, чексиз алкыш. Аллах ыраазы болсун! Ушунчалык маңыздуу, керемет маек болуптур. Өзүмө өтө көп керектүү маалыматтарды алдым.
@SandagulMaatova
11 ай бұрын
Аябай сонун кенештер. Балдарым чоноюуп Ата эне болоюун деп калышты буйруса. Неберелерди Сараргулдун кенештери менен тарбиялоого аракеттенебиз🤲
@Gulzada94
10 ай бұрын
Мен сизди биринчи жолу угуп жатам,ушунчалык кунт коюп уктум ото сонун,акылду аял экен
@aijamalbainazarova
10 ай бұрын
Абдан соонун маек болду, Рахмат силерге. 5 : эмоцияны туура билдируу, кыргыз тилинде жомок окуу, массаж кылып, балага конул буруу, режим кармап эрте турка, эрте жатуу,
@altynaimoldokulova6112
3 ай бұрын
Мен балалуу боло элекмин, баланы туура тарбиялоо боюнча изденуудо болчумун, ушул берууудо коп нерсени тушундум, маекти ушундай кунт кою менен уктум, соонун Спаргул эже маек учун чоон рахмат. Сулуу, акылдуу, билимдуу айым экенсиз, сизди коруп суктандым 😍😍😍👍❤
@НуркаАбдыраева-к4м
10 ай бұрын
Баарыле билген нерселер бирок жасаш ар кандай шылтоо кылабыз да убакытты баарына жеткирсе болот❤❤
@Кыргызымаманбол
11 ай бұрын
Бул майектен мен буларды алдым: 1. 3 жашка чейин балдарга телефон бербей койгон жакшы экен 2. Бардык нерсени экран аркылуу эмес, жашоодо козу менен коруп, кулагы менен угуп, колу менен кармап коргондо жакшы эсте калаарын. 3.Бала менен коп суйлошуу керек экен, ал учун озубузда билим алуубуз керек экен 4.Эне тилинде суйлошуу бул да мамлекетибизге кошкон салым экен 5.Кучактоо балага, массаж кылуу булар балага пайдалуу экен
@madinaabdunazarkyzy1812
Жыл бұрын
Жылдыз эже сонун канал экен рахмат Айымдарга керек
@МээримАзыгалиева-н5ц
Жыл бұрын
Абдан сонун айтып бериптир. С восхищением слушала❤
@Nuria-n6m
11 ай бұрын
Аллах раазы болсун ❤. Керемет создор. Бактылуу болунуз.
@ЭльмираКубатбекова-щ2н
8 ай бұрын
Чоң рахмат. Өттө кызыктуу маек. Аябай билимдүү, илимдүү, тетик инсан экенсиз. Бийик жетишкендиктерди каалап кетер элем.
@КарачачАзизбековна
11 ай бұрын
1 баланы кучактоо 2 жаратылышта сейилдоо 3 салыштырбоо 4 ачууну пайдалуу жол мн басуу 5 чон адамдай суйлошуу
@tznka38
Жыл бұрын
Абдан сонун маалымат. Ата-энелер чындыгында билбейт. Муундарды өнүктүрүүнүн баалуу кеңештери болду. Чоң рахмат!
@Umutenglish
Жыл бұрын
Эң сонун 👍👍 Мен биринчи жолу эне болгонумда ар тараптан изденип баштадым,бала тарбиясы боюнча китептерди алып окуп баштагам. Азыр англис тилинде окуп жатам. Бул видеодон ото коп пайдалуу кенештерди алдым.
@ЖибекСултанкулова
Жыл бұрын
Эн сонун жана тура создор айтылыптыр, маегинерге рахмат,мага жакканы, эрте уктатып эрте,тургузганы болду,бул чон койгойлордун бири, жана машинаны токтото калып кучактасам болобу дегени мындайды копчулугубуз жасай бербейбиз.
Соонун! Ушундай билимдуу келин экен! Аябай тасирлендим ❤❤❤❤❤
@ЗулайкаСалиева-н4у
11 ай бұрын
Аябай соонун, пайдалуу эфир болуптур🥹😍 Ар бир созунуз мен учун инсайт болуп жатты.. Сиз айткандай «иий» деп улам кийинки темага кызыгып баратып, кантип 1сааттан ашык коруп отурганымды байкабай да калдым 👍🏻 Чоон рахмат сиздерге!!!! Кудайым жар болсун ар дайым ✨
@ЗулайкаСалиева-н4у
11 ай бұрын
Ал эми 5 эн пайдалуу маалымат боюнча: 1. Балага кандай жагдай болбосун, отуруп козуно карап тушундуруу менен чечууго болот. 2. Баланын чонойгондо ата-энесинен алыстап кетуусу, анын кичинесинде ата-энеси менен эмоциональналдык байланыштын жакшы болбогондугунда . 3. 3жашка чейин баланын онугуусу эн курч, кабыл алуусу тез болгон убагы болуп эсептелет экен. 4. Ядро оюну аябай жакты. Балдарым менен жасап корууну ойлоп калдым. Эн жакын ионоген адамдары, жана кимдерге канчалык ишенуусу болорун уйротуу учун. 4. Балдарга ачуу келгенде суу ичип эмоцияны башкара билуу. Балага зыян бере турган абалдан алыстоо учун🥹. Анын журогун жаралап албоо. 5. Кичинекей телефондун экранына караганда чон экрандардан корсотуу жакшыраак, себеби аларда басым азыраак болот. Мээнин кабыл алышына женилирээк болорун уйрондум. Сапаргул айым, сизге чоон Рахмат дагы бир жолу👍🏻👍🏻
@МээримМ-л6б
11 ай бұрын
Эн сонун, көп пайдалуу маалыматтарды алдым, рахмат 👍
@БурулЖусупова-т5н
11 ай бұрын
1бала менен тыгыз байланышты.2салыштырбоо .3озунду биринчи онууктуруу .4бала менен кандай болбосун тушундуруп беруу ,эмоцанальный жактан суйлошуу барылашуу,Аны тушунуу.5балага убакыт болууу
@БегайымТороева-д2ч
Жыл бұрын
Саламатсыздарбы биздин ардактуу айымдар Жылдыз жана Сапаргүл айым Мен ушул проектерди коруу менен наристелериме кол көтөргөн учурларым болгон азыркы убакытта өтө өкүнөмүн жана ушул таптан баштап күнү түнү балдарымды кучактап көңүл бурамын жана саат минот сайын аларды жакшы корушумду жана коргошумду билдиремин Ак жол баарыбызга буюрса
@EsmaOmurova
Жыл бұрын
Улан мырза раматылык мыкты жубай баласына мыкты эне тандаган экен…
@АйжамалАлмазова-и9д
11 ай бұрын
Эң сонун кеңештер ыраазычылык Сапаргул айымга жаш болсо да орду мн сүйлөгөн билими терең экен эми көп кеңештерди алдым
@БурулЫрысбаева-о1я
Жыл бұрын
Ассаляяму алайкум уа рохматуллоохи уа бароокаатух! Аллахым ыраазы болсун! Сиздей кыздуу болгон кыргыз эли, ата энеңиз, жолдошуңуз, уулуңуз бактылуу!❤
@Нурдоолот-п9х
11 ай бұрын
Аллах ыраазы болсун. Аябай сонун маанилүү кенештер болду.
@АйгеримКаныбековна-ц6е
7 ай бұрын
Мынча соонун пайдалуу беруу болду ❤❤❤ Молодец илимин осо берсин БЕЛЕКТИН МЭЭРИМДУУ АПАКЕСИ❤
@ЭлизаАбдуллаева-ф4д
Жыл бұрын
Коптогон малыматтарды уйуп билип алдык рахмат мындан коп-коп маалыматты бизге маалыматтарды айттып тур🙏 омурунуз узун болсун🤲🤲🤲
@alinaarzykulova8066
11 ай бұрын
Сапаргул аябай акылдуу, тын айым экен. Мен кайра-кайра кайталап уктум.Суйлогон создору укулуктуу , Жан дуйномо синимдуу болду. Мыкты айым 👍👍👍💋
@jug6145
Жыл бұрын
Аллах ыраазы болсун. Абдан сонун маек болуптур. Эки дүйнө бактылуулук берсин 🤲🏻🤲🏻🤲🏻❤❤❤
@azizatoktogulova1236
Жыл бұрын
Эки видеону тең көрүп чыгып өзүмө көп нерсени адат кылып алгым келди. Мисалы: Биринчи видеодо балдарды жаздыкка жактырбаш керектиги менин балдарым жаздыкка жатпайт негизи. Тескерисинче мен азыр жаздыкка жаткыла деп туура эмес кылып жатканым. Анын 40 күнгө чейин келбегиле деп айтам эмкисинде деп өзүмө сөз берип жатат. 2чи видео жөнүндө айтсам аябай таасир алдым. Угуп ушундай көп нерсени адат катары киргизгим келди өзүмө. 1 Эртең менен сөзсүз эрте туруп туура тамактанып. 2.Көп кучактап, сүйлөшүп түшүндүрүп. 3.Жинденгенде суу ичип өзүмдү алаксытып, ошону балама да үйрөтүп. 4. Телефонду 20 мин бергенди үйрөтүп. Мисалы: Менин балам Телефон алса оңойун менен бербейт да,бирок звонок келсе берет мындан кийин будильник коюп койоун деп жатам звонок деп алып келет да. 5. Майда матортка менен иштешип баштайын деп жатам. Ишиңиздерге ийгилик! Аябай таасирдүү болуптур
@shamilbekovaerkinai7544
11 ай бұрын
Сонун маек болуптур, ото пайдалуу. Сапаргулго ийгилик каалайм, жолу ачык болсун ылайым🤲🏻
@ЭлизаМамытова-д9ш
11 ай бұрын
Сапаш ото сооонун,пайдалуу,маанилуу кенештерди талкуулапсыздар.Сиздерге Рахмат❤
@Aizhanka05
11 ай бұрын
Аллах ыраазы болсун !!
@Namaz100
10 ай бұрын
Ма ша Аллах соонун пайдалуу болуптур маалыматар, озунмг керектүү пайдалуу кеңештертерди билип алдык, жазып да алдым, рахмаат Аллах ыраазы болсун Сапаргул эжеге билими дагы да өркүндөп өсө берсин, ден соолук узун өмүр🤲 Жылдыз эжеке да чон рахмат ушундай керектүү маалыматтарды чыгарып турганыңызда, каналыныныз кеңейип өсө берсин🤲❤️🤗
@nazirakokozova2751
Жыл бұрын
Эн сонун 👍👍👍баштапсынар ийгилик Кооп, кооп ата энелерге сабак болот анын катарында Менда бармын себеби 4 балам бар 11жылдан кийин тородум унута тушуптурмун баардык передачанарды калтырбай коруп атам Ийгилик.
@AllanynKuly-he7fv
11 ай бұрын
МаашаАллах соонун маек болуптур. 1.Биринчи кезекте бала менен суйлошуу 2.Уктаганда денесин сылап денесин бошоткону мага ото соонун кондум болду менин кызымда тырышат менда жасап баштадым. 3.Баланы кучактоо бала ыйлап конбой ыйлап туруп алса озунду басышты уйронуу абалынды озгортуу. 4.Балага эрте еле академиялык билим беримиш болуп баланы окуудан чарчатып албоону. 5.Бизде мумкунчулук коп экен болбогон нерселер менен еле ойлонуп алек болуп убакытыбыз текке кетип атыптыр биз эне болуп мумкунчулук жоопкерчилик алдыкбы кадимкидей акылдуу билимдуу болуп милдетибизди аткарышыбыз керектигин тушундум.Биз жашбыз буйурса келечекте мекенди суйгон дуйно таанымы жогорку коп тилди билген балдарды тарбиялайбыз Аллахым эне кылганына чексиз шугур.
@Айсулуу-д5с
10 ай бұрын
Азаматсың Сапаргүл абдан сонун кеп, кеңештерди айтып бердиң, бир дем менен уктум, өзүм үчүн көп нерселди кабыл алдым, Абдан жеткиликтүү, уккулуктуу кеңештерди бердиң абдан сага ыраазы болдум.Азаматсың көптөгөн ийгиликтерге жете бер. Ушундай билимиң мотиваторлугуң күчтүү экен. Азаматсың мындан дагы өркүндөп өсө бер, азаматсың 👍👍👍💐💐💐
@ЖайнагулМаматкулова
Жыл бұрын
Мен да абдан ырахаттанып уктум. Сапаргулду акырын суйлогон, эзилген кыз деп ойлочум эмнегедир. Бирок абдан тыпылдаган, билимдуу, так-так суйлоп жооп берип жатты. Мындан кийин бат бат угам буюрса бул кызды. Беруунуздор абдан пайдалуу экен. Ийгилик иштериниздерге! Мен озумо бала менен коп баарлашууну, кучактоону, китеп менен достоштурууну, тилдерди коп уйротууну пландадым😊
@tonytoni897
Жыл бұрын
Соонун маек! Сапаргулго чоон рахмат, эн соонун кенештерди берди!❤❤❤
@СамараСалиева-п2г
Жыл бұрын
Эң сонун чыгарылыш 🔥❤ Аллахым ыраазы болсун ❤ Эң сонун маалыматтар❤ Амал кылууну ар бир ата-энеге насип кылсын ❤
Пікірлер: 355