Баткен шаарынын борбордук бөлүгүндөгү 2 гектардан ашуун аянтты ээлеп турган “Жеңиш” жана “Жаштык” парктары оңдолбой турат. Ансыз да 20 жылдан бери кароосуз турган бул парктар АРИС тарабынан оңдолот деген сөз тургундарга үмүт берген болчу. Арадан 2 жыл өтсө да жумуштун дайыны жок болуп, эс алуучулардын нараазычылыгын жаратууда. Тиешелүү жактар чек арадагы окуяларды шылтоолоп, быйылкы жылы толугу менен оңдоп-түзөө иштери аткарылаарын убадалашууда.
Негізгі бет Баткен: пайдасыз калган парктар
Пікірлер: 10