Өрүгү менен таанылган Баткен жергесинде түшүм жыйноо кызуу жүрүүдө. Быйылкы жылы түшүм мол болуп, аймактагы багбандар өздөрү жетишпегендиктен жумушчу күч жалдашып кургатышууда. Жаңы-Жер айылынын 64 жаштагы тургуну Абдыразак Матраимовдун 100 түп өрүк багы бар болсо, учурда неберелери менен таң аткандан күн батканга чейин дал ошол жерде убакыт өткөрүүдө. Анткени өрүк бышып, өз убагынан өтүп кеткичекти түшүмдү жыйнап алуу керек. Айтымында өрүк кургатуунун да өзүнүн технологиясы бар, ыштоо убактысы мөөнөтүнөн өтүп кетсе дароо сапат жоголот. Ошол эле кезде өрүктү табигый күн нурунда кургатса болот. Багбандар быйылкы түшүм мол болгондуктан, киреше 1 млн сомдон ашуун болот деген үмүттө. Баткен өрүгүн дагы да дүйнөгө таанытуу максатында аймакка кайра иштетүү ишканалары курулса деген багбандардын түшүм жыйноо өнөктүгүнө кабарчыбыз Максатбек Акылбеков күбө болду.
Флаги блока:
Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз
Facebook - / utrkkg
KZitem (УТРК) - / ktrkkgchannel
Instagram - instagram.com/utrk_live/?...
Телеграм - t.me/ktrk_live
Негізгі бет Баткен өрүгү: Быйыл түшүм мол болду
Пікірлер: 110