Кыштын деми кайтып, күн жылый баштаганы багбандар мөмө-жемиш бактарын бутоого киришти. Иште чеберчилик талап кылынат, туура эмес бутап алса түшүмү да аз болушу мүмкүн. Бак бутоочуларга айрыкча Кадамжай районунда суроо-талап чоң. Себеби 7 миң гектардай жерде мөмөлүү бак-дарактар бар. Мунун артынан киреше тапкандар Баткен району жана Ош облусунун Ноокат районунда да иштеп, үй-бүлөсүн багышат.
- Күн бұрын
Баткенде бак бутоо өнөктүгү башталды
- Рет қаралды 3,985
Пікірлер: 12