Кесилип бектен үмүттөр,
Кесеңе түшөт күйүттөр.
Кадырын арнап элине,
Кыйылды кыраан жигиттер.
Кайрадан алга жетелеп,
Кылкылдап өчпөйт биликтер.
Карт тарыхты картайткан,
Кыргызым өзүң бийик бел.
Катыгын колго беребиз,
Кас болсоң эми кирип көр.
Кадырын билбес эненин,
Кадимки тажик дегениң.
Куюлтуп жашын булактай,
Кучактап бала денесин,
Кыргыз эне эмчеги,
Коңкордун тосуп жебесин,
Кылчайып койбой анда да,
Калкыма тынчтык дегенин.
Көргөндө жүрөк туйлаган,
Кайратын туюп эненин.
Ар-Намыс үчүн күрөшкөн,
Аталар бизди тилешкен.
Ата-журт үчүн жаныңды,
Ала чап деп бүлөшкөн.
Азамат үчүн жок артык,
Ала-Тоо үчүн күрөштөн.
Атыңды току жигитим,
Алдыга сүрө жүрүшүн.
Артыңда калды карыя,
Алдейлеп баккан күнү-түн
Асылың ардак эне үчүн,
Алсырап күтөт артыңда,
Аздектеп алган күмүшүң.
Кыргызым кайтпас кырааным,
Кырааның Манас урааным.
Кайгыны тарткан кезиңде,
Кыйналбай кантип турамын.
Ыйлаган үнүң уккуча,
Ок тейсин ушул кулагым,
Энелер сууну кечпесин,
Эл дайрадай көчпөсүн,
Элирип качып жеринен,
Эл кадыры чөкпөсүн,
Оюндан башка билбеген,
Наристе көз жаш төкпөсүн.
Жетимдин жашын көргөнчө,
Оюлуп калсын кош көзүм.
Казыктай бекем туралы,
Кетсе бизден жумшак жан.
Коңкордун мизин кайтарып,
Акса да жерге муздак кан.
Эр жетип турган биз эмес,
Тестийер эл деп чуркашкан.
Энесин коргоп алууга,
Эл үчүн жоого барууга.
Ымыркай туйлайт курсактан.
Жакшылык Дүйшөнбек уулу
Негізгі бет "Баткеним"// Кайрат кыл элим // Канат уулу Жанат
Пікірлер: 14