15/05/2024
Депутат Айбек Алтынбеков ӨКМдин Базар-Коргон районунун аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээктерин быйыл бекемдөө пландарын сурап, курулуштун сапаттуулугуна кайрылды. Ошол эле учурда эл өкүлү Чкалов айылында кооптуу аймакта жашаган тургундарды көчүрүү муктаждыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, 15-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы угулду.
Негізгі бет Базар-Коргон районунун аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээктери бекемделеби?
Пікірлер: 8