АЙГЕРИМ
с.о: Бек Борбиев.
Ак канаттуу ак куу кыз көрдүм,
Жээгинен бир көлдүн.
Жашырышат аяп толкундар,
Аппак кыздын мүчөлүн.
Айтчы сулуу барбы элиңде?
Эргимеңде укканы.
Чаңкап келем сүйүү көлүңдөн,
Жалгыз ууртам жутканы.
КАЙЫРМА:
Ак куу белең мойнуң койкойгон?
Ким төрөгөн атың ким койгон?
Ким сылаган чачың биринчи?
Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Ак куу белең мойнуң койкойгон?
Айгерим деп атың ким койгон?
Ким сылаган чачың биринчи?
Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Түз карабай көздөр жалтанат,
Каныкейдин сүрү бар.
Сулуу көрдүм кирпик ордуна,
Карагаттын бүрү бар.
Ай батканда көлгө келесиң,
Байкап жүрөм күнүгө.
Айдай болуп аттиң жаркырап,
Кирген барбы түнүңө?
КАЙЫРМА:
Ак куу белең мойнуң койкойгон?
Ким төрөгөн атың ким койгон?
Ким сылаган чачың биринчи?
Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Ак куу белең мойнуң койкойгон?
Айгерим деп атың ким койгон?
Ким сылаган чачың биринчи?
Ууз күлкүңө алгач ким тойгон?
Негізгі бет Бек Борбиев - Айгерим (аккордеон)
Пікірлер: 35