БИЛИМ ТАЙМАШ...
Учурда, улуулар деле жаштар деле телефондон, соц сеттен башы чыкпай калган заман. Чалма айыл өкмөтүндө "Китеп окуу өмүрдү узартат" атту билим таймаш болуп өттү. Азыркы жаштардын көпчүлүк бөлүгү, дээрлик китеп окубай калганы талашсыз. Бирок бүгүнкү таймашта, Кара-Кулжа районунун 12 айыл өкмөтүнөн келген окуучулардын билимине аябай жогорку баа бердим. Анткени кайсыл чыгармадан суроо берсе, ошол чыгармадан так, даана айтып берип жатышты. Демек уучубуз кур эмес, китеп окуган билимдүү жаштарыбыз бар экен. Буйруса 2023-жылкы иш планыбызда, билим тармагына жакшы иш-чараларды пландап койдук, жараткан колдоп турса, билимге жогорку деңгээлде көңүл бурабыз, айттыкпы аткарышыбыз керек. Аткарабыз !
#билим #мектеп #мугалим
Негізгі бет Спорт БИЛИМ ТАЙМАШ...
Пікірлер