🔴 Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Россия Федерациясынын эмгек Сиңирген артисти, актриса Айтурган Темирова эжекебиз акыркы 12 жыдан бери Чехияда жашайт. Эжебиздин талантына дайыма таазим кылып келебиз. Жылдыз белгиси боюнча Суу Пери. 2-февраля 1958-жыл. 🔹
⠀
Ал эми бул “Волчья яма” тасмадасындагы экинчи жердешибиз актёр Талгат Нигматулин Кызыл-Кыя шаарында туулган. 2001-жылы Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрдүн бирине, анын аты ыйгарылган. Жылдыз белгиси боюнча Балык. 5-март 1949-жыл. 🔸
⠀
Биз Кыргыз Эли, мындай таланттуу агай-эжелерибиз менен ар дайым сыймыктанып, таазим этип келебиз. Тасмадагы эки талантыбыз тең өз карьерасын эң туура тандашкан(Астрологиялык көз караш менен алганда). Айтурган эжейибиз Талгат Нигматулин үчүн 12-знак. Ал эми Нигматулин, Айтурган эже үчүн 2-знак. Тасманын мыкты жаралышы үчүн, туура тандалган союз. 🔹
⠀
Айтурган эже Чехияда жашаса да, кээде телефон аркылуу байланышып турабыз. Бул “Волчья яма” киносу 1983-жылы жарыка чыккан учурда, мен болгону 9-класста окуган боз улан бала болчум. Бул кинону кинотеатрдан көрүп чыгып, абдан таасирленгем. Бирок ошол ирмемде “Айтурган Темирова эжебиз менен качандыр-бир кезде сүйлөшүп калам” деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Алгачкы жолу сүйлөшкөнүбүздө абдан кубандым жана сыймыктандым. (Сүйлөгөн сөздөрүнөн жөнөкөйлүк, акыл-эстүүлүк байкалат). Айтурган эженин үнү, сүйлөгөн сөздөрү, өзүн алып жүрүү маданияты ошол-ошол боюнча экен. Жаш кезинде, кинотасмаларда кандай болсо, ошол боюнча, жакшына боюнча сакталыптыр. Таасирлендим. “Баракелде!” дедим!
Сөзүмдүн акырында: “Бар болуңуз, көп жашаңыз Айтурган эже!” демекмин. ✋ 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
⠀
Пайдалуу маалыматтарды окуп туруу үчүн www.instagram.... баракчасына кирип жазылыңыз. ✅
⠀
Суроолор жаралса же КОНСУЛЬТАЦИЯ алгыңыз келсе: +996 772-88-88-23(ватсап), 0704-88-88-23 телефондоруна чалыңыз. 📌
⠀
Оздук сайт: 🌎 astrolog-bishk...
⠀
Фейсбук баракчабызга:
www.facebook.c... шилтемеси боюнча жазыласыз!
⠀
Ютуб каналыбыз: / @АстрологЖанарКадырали...
⠀
#астрологбишкекжанаркадыралиев
Негізгі бет БИЗДИН ТАЛАНТТАР
Пікірлер