Болчокторду салыштыруу
Болчокторду салыштырууда бизде 3учур кездешет. Алымдары бирдей болгон учур, болумдору бирдей болгон учур жана алымы да болуму да бирдей эмес учур. Эми ар бир учурга мисал келтирсек
Алымдары бирдей болгон учур.
Эгерде болчоктун алымдары бирдей болсо, болуму кайсы болчоктуку кичине болсо, ошол болчок чон болот.
Мисалы:
12/5 жана 12/7
Бул жакта алымдары бирдей, б.а. 12. 12. Эми болгону болумдорун салыштырбыз. Болумдорунон 5кичине, ошондуктан 12/5 чон болот.
Сиздерге тапшырма томонку болчокту салыштырып жообун комментарийге калтырыныз.
Эми болумдору бирдей болгон учур
Эгерде болчоктун болумдору бирдей болсо, алымы кайсы болчоктуку чон болсо, ошол болчок чон болот.
Мисалы:
6/7 жана 10/7
Бул жакта болумдору бирдей, б.а. 7.7. Эми болгону алымдарын салыштырбыз. Алымдарынан 10чон, ошондуктан 10/7 чон болот.
Сиздерге тапшырма томонку болчокту салыштырып жообун комментарийге калтырыныз.
Эми алымы да, болуму да бирдей эмес учур.
Мисалы:
7/11 жана 6/8
Мындай учурда же алымдарын, же болумдорун бирдей кылып алабыз. Ал учун экинчи болчоктун алымындагы турган санды, биринчи болчоктун алымына да, болумуно да кобойтобуз. Ошондо 7*6 жана 11*6, же бул барабар болот 42/66. Эми тескерисинче биринчи болчоктун алымындагы санды экинчи болчоктун алымына да, болумуно да кобойтобуз. Ошондо 6*7 жана 8*7 болот, же бул барабар болот 42/56.
Эми байкаганыбыздай, экоонун тен алымдары бирдей болуп калды. Муну болсо, мурунку эреже менен салыштырып коебуз. Ошондо 42/56 чон. Демек 6/8 чон болот
Ушул эле учурга Дагы бир мисал карап корсок.
12/13 жана 9/10
Бул салыштырууну да, мурункудай эле чыгарабыз.
Экинчи болчоктун алымындагы турган санды, биринчи болчоктун алымына да, болумуно да кобойтобуз. Ошондо 12*9 жана 13*9, же бул барабар болот 108/117. Эми тескерисинче биринчи болчоктун алымындагы санды экинчи болчоктун алымына да, болумуно да кобойтобуз. Ошондо 9*12 жана 10*12 болот, же бул барабар болот 108/120.
Эми байкаганыбыздай, экоонун тен алымдары бирдей болуп калды. Ошондо 108/117 чон. Демек, 12/13 чон болот
Сиздерге тапшырма томонку болчокту салыштырып жообун комментарийге калтырыныз.
Негізгі бет болчокторду салыштыруу 6 класс математика кыргыз тилинде
Пікірлер