Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк, Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн. Өттү баары, ээлеп ордун кусалык, Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң. Өттү жаштык өз күчүнө ишенген, Текеберлик издеп, жалаң чындыкты. Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо, Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды, Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды. Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл, Көпөлөктөр учпай калды кышында. Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр, Макул болуп турмуш деген ушуга, Макул болуп тагдыр деген ушуга. Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо, Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды, Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды
@Рыскулбек-э3й
Ай бұрын
Аттин ай омурун кыска екен, Жаткан жерин жайлуу болсун!
@АрстанАбдышов
2 ай бұрын
Менин Уулчамды эске салды бул ыр аттин....ар дайым журогумдосун Уулча...
@Jjjjjjjjj-q7m
5 ай бұрын
❤ абдан үнү жакшы экен ❤ 😊 мага абдан жакты ❤
@ЗулайкаМамырова
Жыл бұрын
Маматибраим Бостонкуловдун ыры го,рахмат жакшы ырдапсын
@UserUser-wj1qz
Жыл бұрын
Ырды жазган Жалалабадтын Тайгараев айылынан Закирова эжебиз
@ЖайнагулИсакова-ь4ъ
Жыл бұрын
Апам ырдайт эле жаш кезинде Мен апамдан угуп ЖАТТАГАНМЫН, АЛТЫН АПАМ БЕЙИШТЕН ОРУН БЕРСИН Ошондуктан суйуп ыдайм👍
@nurislamsagynbekov7285
Жыл бұрын
Аминь!
@ЖумагулКеримбекова-э3щ
Ай бұрын
Умутай жакшына Кыз. Жакшы дует болуптур. Ийгилик болсун🎉🎉🎉❤❤
Пікірлер: 27