Биздин кийинки маршрут:
Лондондон - Шотландияга болду. Бул аралыкты бизге басып өтүүгө 738 км, унаа менен 8 жарым саат талап кылынды. Жолдо карай, бийик тоолуу аймакта жайгашкан тосмолор, адырлар, ар бир экинчи эңкейиште жайылып жургөн кара тумшуктуу койлор, Шотландияны көрктөндүргөн кичинекей классикалык таш сепилден тарта, заманбап архитектуралык шедеврлери менен кереметүү пейзаж көз алдыбызга тартылып жатты.
Биздин топ, мезгил - мезгили менен токтоп, тыныгып, табигый чөйрөгө суктана карап, кайрадан канча алыстаган сайын, ошончолук жамгыр жаап, айлананы туман каптап турду. Ошентип, мекендешибиз @MeerimKudaibergenova кылдаттык менен унаасын айдай, бизди Эдинбургга аман-эсен алып келди.
Ээн, тоо жолдордон кийин туристтерге жык толгон шаар бир ааз бизге өөн учурады. Эдинбургда, бизди эжекебиз @RahatJusupova айым жолдошу Кен Бруке менен тосуп алышты. Кыргыздын улуттук колоритин чагылдырган, кыргыз жыттанган алардын ак өргөсүнүн дасторконунда, бизди: боорсок, самсы, өзгөн күрүчүнөн басылган укмуштай даамдуу плов менен меймандос үй-бүлөнүн күтүп алышы бизге кубаныч тартуулады.
Программанын башкы демөөрчүсү: / avangardstyle_kg
Долбоорду даярдагандар:
"Пирамида" телеканалынын башкы директору: / dooronadakhanov
PR-менеджер: / nargizakabylova
Журналист, алып баруучу: / aida_iskender
Оператор: / jeku_zamirbekov
Негізгі бет ЭДИНБУРГДАГЫ КР АРДАКТУУ АЙЫМЫ РАХАТ ЖУСУПОВА
Пікірлер: 158