Өткөн жумада Аксынын Кызыл-Жар айылында дарбыз, коондору өтпөй саргайып отурган дыйкандардын көйгөйү тууралуу материал чыгарганбыз. Алар бийликтен жардам сурап кайрылган эле.
Андан соң Айыл чарба министрлиги бул өсүмдүктөрдү Казакстанга экспорттоо боюнча макулдашканын кабарлады. Ага ылайык, коңшу өлкөнүн ар кайсы шаарларында Кыргызстандан барган дарбыз, коондорду сатуу үчүн өзүнчө соода жайлары ачылат. Ошондой эле чек арадан тез өткөрүү максатында “жашыл коридор” уюштурула турган болду.
Министрлик эртең, 7-июлдан тарта экспорттоо иштери башталарын белгиледи. Мындан сырткары Россияга да жөнөтүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Казакстанга сатуу боюнча дыйкандар төмөнкү телефондорго кайрылса болот, анда эки өлкөнүн министрликтеринин өкүлдөрүнүн номери көрсөтүлгөн:
Расмий маалымат боюнча быйыл Аксы районунда 1991 гектар жерге дарбыз, 251 гектарга коон эгилген.
Негізгі бет Дыйкандардын үнү бийликке жетти/ Дарбыз, коонду Казакстанга экспорттоо макулдашылды
Пікірлер: 7