Күлайым Желдеңбаева адамдарды ар тараптан дарылоо боюнча 45 жылдык практикасы бар эбегейсиз зор тажрыйбалуу врач. Ал мындан 15 жыл илгери Павел Андреев деген бир таланттуу инженер мекендешибиз менен бирдикте ОЗОН менен дарылоо (озонотерапия) аттуу жаңы ыкма иштеп чыгышып, чоң илимий жанап практикалык жаңылык катары автордук күбөлүк алышкан. Бирок иштете келгенде бул ыкма учурдагы медицинага өтө олуттуу атаандаш катары катуу каршылыктарга дуушар болуп, ушу күнгө чейин багы ачылбай келатат. Ошентсе да озон менен дарылоо эң жөнөкөй, дээрлик зыянсыз, абдан арзан жана өтө натыйжалуу альтернативалык медицина катары жашоого толук укугу бар деп эсептейбиз. Буга Күлайым эжекебиздин бул уникалдуу ыкманы бутунуа тургузуу боюнча көшөрүп артынан түшкөн өжөрлүгү да күбө.
Негізгі бет Желденбаева
Пікірлер: 2