Каналга катталыңыздар!!!
/ @vip_mln_8
Өгөй ата 11 жаштагы кызын 5 жыл зордуктап өспүрүм кыз көз жарды. Учурда ал кыз 16 жашта. Зордуктоого шектелген өгөй атасы 15 жылга эркинен ажыратылган. Өгөй атасы тарабынан зордукталган өспүрүм кыздын жакындары бүгүн журналистер үчүн маалымат жыйын уюштуруп, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду. Алар өспүрүм кызды 2012-жылдан бери зордуктап жүргөн өгөй атага жаза мөөнөтү аз берилип калганына нааразы. 2001-жылы төрөлгөн жабырлануучу кыз 2017-жылдын октябрь айында көз жарып, өспүрүм кыз баласын кароого чамасы жетбегендиктен наристе төрөтканага ташталган. Бул тууралуу жабырлануучу кыздын апасынын бир тууганы Зулфия Токтосонбаева өгөй ата кызды 11 жашынан бери зордуктап, 5 жыл бою жыныстык катнашта болуп жүргөнүн айтты. Өзгөн райондук сотунун 2018-жылдын 27-февралындагы өкүмү менен шектүү 15 жылга эркинен ажыратылган. Ага макул болбогон жабырлануучу тарап Ош облустук сотуна даттанышкан. Кыздын өз атасы оорудан улам каза болгон. Апасы 6 баласы менен айыпталып жаткан кишиге 2010-жылы турмушка чыгып, экөө бир балалуу болушкан. Жана да кызын зордуктаган кишини кечирүүгө даяр экендигин айтканда жакындары аны менен мамилесин үзгөн. Ал эми айыпталуучу 2017-жылдын 30-августунан бери камакта.
Негізгі бет Өгөй ата 11 жаштагы кызын 5 жыл зордуктап өспүрүм кыз көз жарды
Пікірлер: 2,4 М.