Аябай жакшы ырдаптыр голос мошно Кудайым буюрса мен Гулнур эжени чакырам
@АдишбекТемиров
6 ай бұрын
Гулнур сурот койбой кыймыл видимо болуш керек жалко л
@Айзада-щ3с
6 ай бұрын
Текст песни Жар жар, Гульнур Сатылганова Кошулушуп эки жаш Жуп болуптур жар-жар Кубанышып эл-журту Кут конуптур жар-жар Толкуп келген мейманга Той баштайбыз жар-жар Болушунча аянбай Бой таштайбыз жар-жар Алтын ордо гүл бакча Калалуу бол жар-жар Артыңардан ээрчиткен Балалуу бол жар-жар Ак элечек колго алып Ыргап жүргүн жар-жар Жакшы менен жаманды Ылгап жүргүн жар-жар Асманга учсун куш болуп Ак тилегиң жар-жар Ажырашпай бир жүрсүн Ак билегиң жар-жар Баскан жериң дайыма Гүлдүү болсун жар-жар Бүгүн курган жашооңор Бүрдүү болсун жар-жар Ырыс алды - ынтымак Билип жүргүн жар-жар Ата-энеге башыңды Ийип жүргүн жар-жар Ак булуттан себилген Кар болгула жар-жар Дайым ушул жашоодо Бар болгула жар-жар
Пікірлер: 6