Ар ким айтат сүйгөнүн, Акылына түйгөнүн. Ашык бир болуп жете албай, Арасат күндө жүргөнмүн. Мен дагы айтып берейин, Ашыктыктан бир сабак. Дак салдың ууз жүрөккө да дарт, из, Гүзал, ак тамак. Күрдөлүү жаштын иши экен, Күсөдүм сүйүү чарбагын. Аманат жанга белек деп мен, Ашыктык гүлүн кармадым. Ана ошол гүлдү беришке Мен Гүзалды издеп барганмын, Булактан көрүп чак түштө, Мен булбулдай абаз салганмын. Көрдүм далай урууну, Кечтим дайра - улууну. Издеп бир келдим, Гүзал кыз, Ышкыдар сендей сулууну. Тааныбайсың сен мени, Тарпи кылат эл сени. Таанышалың ушул жерден, Тартиптүү, Гүзал, кел бери. Кыйланы көрдүм кыдырып, Кара-Суу менен Чарбактан. Каш-кирпигиң төгүлүп, Карасаң кумар таркаткан. Көкүрөккө өрт коюп, Көк-жылдызын саматкан. Жана да көптү көрмөкмүн мен, Жаралган болсом канатчан. Кал, калыңдан калыңдан, Кайкалап бүткөн далыңдан. Безеленген белиңден, ай, Беш талдап өргөн чачыңдан. Чачың көлдүн камышы, Өзүңүздү сурасам, ай, Эмгектүү элдин калысы. Сураганым себеби, Сүйбөй бир киши келеби? Сыпайынын жайында, ай, Билбей бир киши келеби? Зыяда болсоң, кулак сал, ай, Зарымды угуп гүлүмдү ал. Керек болсо, Гүзал кыз, сен, Көрө турган күнүмдү ал. Караңгыда жол бассаң, Чырагың болуп жүрөйүн. Күнүгө келип суу алчу, Булагың болуп жүрөйүн. Кайда барсаң жаныңда мен, Ынагың болуп жүрөйүн. Жашырбастан ачык айт, Эмне болсо оюңда, Жүрөгүнөн илинген, ай, Туткунуң менмин торуңда. Кыйнасаң да өзүң бил, Сыйласаң да өзүң бил, эй, Тагдырым сенин колуңда.
@rinatalibek
3 жыл бұрын
Аткаруучулар: 60 КА. Азамат жигиттер, жакшы ырдашыптыр.
@user-eb1yd9dt6n
6 жыл бұрын
Кыргыздын кыздарына Эч бир улуттун кыздары тенкелбейтта
@akylbekjaanbaev9788
6 жыл бұрын
ширин Кыз экенсин омурлу жана бак таалайлуу бала чакалуу бол
@user-td2hw1vl4q
8 жыл бұрын
ты красивая, Умничка будь счастливой!!
@user-tg1hg1bv3m
6 жыл бұрын
Гүзаль Кыргызда бар сөздөр болгону көп колдонулбайт
@user-lp5xv9xk2s
3 жыл бұрын
Гозал кыз
@jannijannijan454
2 жыл бұрын
Колдонот, бирок бул туштуктун диалекти , ошондуктан колдонбойт деп ойлойсунар.
@user-ih9bo9np8q
4 жыл бұрын
Гузал деген турк тилинде чок гузал кыргызча СУП СУЛУУ ДЕГЕН СОЗ МЕН ТУРКЧО ОКУГАМ
@Aisha_Aisha_2013
4 ай бұрын
Озбекче да гузал деп айтышат
@user-jp9jc4rv5y
4 жыл бұрын
Мына кыз аябай сулуу екен суйуп калдым
@user-wb1bf6qq7c
Жыл бұрын
Бойу узуун
@user-tp3vl1sl5n
9 ай бұрын
Ысык колдук Кемин районун сулуусу, Балыкчы шаарында жашаган 6 жашка чейин Динаркан Есенканова азыр 45 жашта
@user-er5kv6kj5i
8 ай бұрын
Бул актрисабы? Кайсы кинодо тартылган
@kyrgyzrepublik641
3 жыл бұрын
Эх Гөзал кызды бир көрүп алсам 😃
@user-ky4gm4hq4o
6 жыл бұрын
Супер
@Aisha_Aisha_2013
4 ай бұрын
Чарбактын кыздарына арналган Арстанбап
@user-tp3vl1sl5n
9 ай бұрын
Жаша кыргыздын чурогу
@bdbdhdhdbdbdb2729
3 жыл бұрын
Гθзал кыз ырыны мен галага ыр жамил огуз
@user-wb1bf6qq7c
Жыл бұрын
Гозал кыз Гозаааал кыздар
@user-ho9tg3jp6z
5 жыл бұрын
Зынк
@user-rj2vb5ng1e
2 жыл бұрын
Нак кыргызча соз гозал деген ,сулуу ,чырайлуу дегендей синоним создор ,бул кыргыздын созу эмес деген манкурттар билип алгыла ,кыргыздын созу эмес дегенден коро ,болунбой соз байлыкты кобойтуш керекда
@ulanzair7005
6 жыл бұрын
Суйдум ушул Гузал кызды Аты жонун ким билет?
@user-qg6jt5yk5b
6 жыл бұрын
Сонун ыр
@joomartbotobaev4079
7 жыл бұрын
Барып алга
@user-ki1oh1uk2u
7 жыл бұрын
кыргыз качан гузаль дечү эле! Кыргызча көзөл кыз!
@user-yv3ux6ei3r
7 жыл бұрын
Asa Ais Озбек кызга арналган ыр, ошон учун гузаль деп ырдап жатат!
@umarturdubaev9903
7 жыл бұрын
Asa Ais жинди болбочу
@user-nb5ib2dn2l
7 жыл бұрын
Ошону гузал эмес козол деп Барпы атабызга айт бул жерде оттой бербей мейлиби
@user-it2tt8zn1o
6 жыл бұрын
Asa Ais сага кандай айырмасы бар колундан эчнерсе келбесе жон эле угуп койда
@aysuluuorozalikyzy976
6 жыл бұрын
+Канжарбек Учей Уулу 😂😂
@user-jl6un1yx5j
2 жыл бұрын
Толук башынан ырдагыла
@user-qf6mo6hi3j
6 жыл бұрын
Менин угушума караганда бул Гүзал кыз-деген ыр Мургабтык(тажикстан)кыргыздардын ыры экен
@user-vg4zw3is8q
6 жыл бұрын
сонун
@moga2181
6 жыл бұрын
Изучать историю своей! Даже я знаю Барпы Алыкулов "Гузал кыз".
@user-nf6mn6ey6t
6 жыл бұрын
Кара-Суу менен Чарбак каякта калат анда
@user-kj9ie9rc1o
4 жыл бұрын
Гозал сулуу деген соз
@user-cm6rz6iw2u
4 жыл бұрын
Барпы акындын эле ыры
@userl659
6 жыл бұрын
Унунор жок болсо жон эле мал кайтарып журо бергилечи
@user-wb1bf6qq7c
Жыл бұрын
Майраш еженин кызынан чырайлуу уктунбу сенчи башкалардан мен учун куниксин машинасынын номерин урдап кеткен 90жылкы баланы жакшы коруп калыпмын
@user-ng8lz6pp3f
6 жыл бұрын
Я влюбился
@arslankhalmatov3833
8 жыл бұрын
вай йалабадко жаным
@arslankhalmatov3833
7 жыл бұрын
Ороз Азамов iumor bratishka kaisy jaktan bolosun?
@user-lw9hy1zu8g
5 жыл бұрын
Барпы апызга данк
@spitamenes7578
7 жыл бұрын
гузал, у вас же нет этого слова
@KG_KZ_
7 жыл бұрын
Spitamen русские слова тоже употребляем например уже, даже ... гүзал тоже такое слово
@user-hn7wn3cv3c
6 жыл бұрын
Spitamen есть такое слово гөзөл что значит гузель
@user-lb7jf9zt2m
4 жыл бұрын
Вам какая разница есть или нет.
@Freedom-jl7zf
4 жыл бұрын
Почему есть Гозал от слово Гоз глаза Ал это глагол берет или привлекает внимание
@user-pn2qh2xx8n
Жыл бұрын
Ээээ мына ырды ким ырдаган ?? Кичине карап койунуздар уят
Пікірлер: 63