Үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү SUPERTV телеканалынына кыштын суук күндөрүндө 6 айлык эгиз кыздарын коляскага сүйрөп, аларды жаандан калкалап, колуна полиэтилен баштыгын кармап алып базарда кайыр сураган эненин видеосу чыккан (бул жерден көрүңүз: kzitem.info/news/bejne/xYRvuI2AhaGbaGU )
Видео жарык көргөндөн 4 күн өткөн алып баруучу Назира Бердигулова каарманыбызды сулуулук салонуна, дүкөнгө алып барып, жасалгалап, таанылгыс кылып өзгөрткөн (бул жерден көрүңүз: kzitem.info/news/bejne/onigz5qjg2KEhaQ )
Тилекке каршы, ошол кезде күлүп, жашоосунун жакшы жакка өзгөрүлө баштаганына кубанган Жазира Багаева мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул кабарды бизге анын эжеси угузду. Биз Кемин районунун Орловка айылына барып, маркумдун жакындарына көңүл айтып, кабар алып келдик.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0706 74 91 96
(Акмарал Багаеванын атында)
Негізгі бет Ойын-сауық Эгиздерин сүйрөп, базарда кайыр сураган келин каза болду |“Сиңдимдин сөөгүн өлүкканадан алдык”
Пікірлер: 1,8 М.