Гульназ Чыныбек кызы - Апа, сени көргөнү келдим
Слушать / Скачать: infinity.ffm.t...
Follow Infinity Music Kyrgyzstan: bit.ly/2Vn6akJ
Follow Infinity Music:
IG: / infinitymusickg
VK: vk.com/infinit...
FB: / infinitymusickg
Бар дүйнөнүн баарынан качып
Баратамын өзүңө шашып
Тосуп алчы кучагың ачып
Апа сени көргөнү келдим
Бүтпөйт экен тирүүлүктө иш
Көздү жумуп ачкыча күз кыш
Мээримиңе миң ирет алкыш
Апа сени көргөнү келдим
Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим
Бул өмүрдө баарысы жалган
Жүз каалоонун токсону арман
Менде убакыт сенде жок дарман
Апа сени көргөнү келдим
Түйшүк тартпа керек эмес чай
Өзүң барда көңүлдө жаз жай
Кызың чексиз бактылуу да бай
Апа сени көргөнү келдим
Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим
Жолум тосуп кел кызым дейсиң
Жакшыларга эл болгун дейсиң
Акылманым көлдөй го пейилиң
Апа сени көргөнү келдим
Сен гүлзарым сенсиң жакыным
Күндө келүү парзым асылым
Башымды ийип таазим кыламын
Апа сени көргөнү келдим
Апа..Апа..Апа…сени көргөнү келдим
Апа..Апа..Апоу…сени көргөнү келдим
#ГульназЧыныбеккызы #Апасеникөргөнүкелдим #InfinityMusicKyrgyzstan
© ℗ Infinity Music. All rights reserved.
Music and Video are Copyrighted.
Негізгі бет Гульназ Чыныбек кызы - Апа, сени көргөнү келдим
Пікірлер: 3