“Сүйүнчү!”
Сөзү: Ташкент кызы Гүл
Обону: Мүзүр Мамбетов
Келин келди
Баарыңарга сүйүнчү!
Кызмат кылып жүгүрчү,
Нике кайып буйруган ,
Тойго келдик бүгүнкү.
Келин келди
Жалпыңарга сүйүнчү!
Кана эмесе жүгүнчү,
Кайын журтун сыйлаган,
Келин болчу күйүнчү.
Кайырма:
Той баштайлы, той баштайлы
Жар-жар ай,
Куттуктайлы биз жаштарды
Жар-жар ай,
Куш бооңор бекем болсун
Жубайлар,
Кана эмесе той баштайлы
Жар - жар ай!
Келин келди
Жар саламын баарыңа
Жашыңа да карыңа
Жакшы жубай болсун деп
Бак тилейли багына
Келин келди
Кайненеси кабыл ал
Ак жоолугуң салып ал
Айдай болгон келинди
Алаканга салып ал
Кайырма:
Той баштайлы, той баштайлы
Жар-жар ай,
Куттуктайлы биз жаштарды
Жар-жар ай,
Куш бооңор бекем болсун
Жубайлар,
Кана эмесе той баштайлы
Жар - жар ай!
Үзүлбөсүн кармашышкан колуңар,
Кенен болсун турмуштагы жолуңар !
Жаратканым нике кайып буйруган,
Куттуу болсун ушул үлпөт тоюңар!
Кайырма:
Той баштайлы, той баштайлы
Жар-жар ай,
Куттуктайлы биз жаштарды
Жар-жар ай,
Куш бооңор бекем болсун
Жубайлар,
Кана эмесе той баштайлы
Жар - жар ай!
Негізгі бет Гульназ Чыныбек кызы “Сүйүнчү!” Эксклюзив! Премьера 2022
Пікірлер: 302