#ГулзадаРыскулова #МенCагаИшенем #ЖаныКыргызчаКлип
Гүлзада Рыскулова “Мен сага ишенем” аттуу жаңы ыры жана видеоклиби аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы 16-күндүк кампанияны утурлай элдин назарына коюлат. Бул чыгарма USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору менен Кыргызстандын ар бир дубанында иш алпарган кризистик борборлор түйүндөрү кызматташтыктын алкагында жүзөгө ашырылган. “Селекция айылындагы үрөй учурган окуядан улам жаңы ырымды эң коопсуз жай болууга тийиш болгон үйдөгү зордук-зомбулуктан жабыр тарткан Асел Ногойбаевага жана ага окшогон кордук көрүп, турмуштук оор тагдырга кабылган бардык мекендеш кыз-келиндерге арнайм”, - дейт Гүлзада Рыскулова.
Ырдын сөзү - Уринса Кадыралиева, музыкаcы - Гүлзада Рыскулова, аранжировкаcы - Кундузбек Осмонов.
Видеоклиптин режиссерлору - Регина Суранова, Айзада Амангелдиева.
Ырдын сөзү:
Сен ойлоп туйбагандай,
Тагдырың тайгак жолбу?
Кайраттан, кадам ташта,
Багынткын түрдүү жолду.
Ишеним сүрөп алга,
Жеткирет максаттарга.
Бийиктик багынтат тек,
Сен күчтүү болсоң кана.
Мен сага ишенем
Көтөргүн башты бийик.
Тагдырың күлөт бир күн
Башты ийип.
Мен сага ишенем,
Үмүттөн, алга кара.
Ак жалгап турсун бизди
Өмүр барда.
Мен сага ишенем
Көтөргүн башты бийик!
Тагдырың күлөт бир күн
Башты ийип.
Мен сага ишенем,
Үмүттөн, алга кара!
Ак жалгап турсун бизди
Өмүр барда.
Мен сага ишенем…
Мен сага ишенем!
Негізгі бет Музыка Гулзада Рыскулова - Мен сага ишенем (2023)
Пікірлер: 11