Саринжинин атасы Жамгырчы хан каттуу ооруп, айыкпас дартка чалдыгып, 6 жашар жалгыз баласын аталаш бир тууганы Бөкөйгө дайындап Саринжинин бел куда болгон кайыны бар эр жетсе ошол теңин алып бер деп керез кылат. Саринжи бой жетип өзүнүн али көрүшө элек колуктусун алып келгени эсепсиз мал айдап аттанат. Акберметтин атасы Карача хан Жамгырдан калган жалгызым деп Саринжиге 60 чатыр 6 өргө тигип чоң салтанат менен күтүшөт. Калаанын баары жыйылып Акберметтин теңи кандай болду дешип күтүшөт. Алты бакан селкинчек курулуп, балдар ат оюндарын ойношуп, жеңелер жеңетайлык алабыз деп катуу камынышат. Мына ошентип Саринжи келип аны кайнатасы ак кийизге салып тосуп алат. Акбермет менин теңим кандай болду экен деп толкунданып, акырын келип боз үйдүн сыртынан шыкаалайт ошондо Акбермет
- Туш-тушунан карасам,
Туйгун сыны бар экен,
Туулган жалгыз бала экен,
Акылы артык даанышман,
Ачылган бактым бар экен - деп бир көрүшкөндө эле эки жаш бири бирин жактырышат.
Негізгі бет Гулзада Рыскулова - Саринжи менен Акбермет/ Жаны ыр 2022
Пікірлер: 21